Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.11.2014 17:05

Президент А.Атамбаев А.Сүйүмбаевди Аламүдүн райондук сотунун судьялыгынан бошотту

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Сүйүмбаев Аскар Абирович Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан четтетилди.

Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, КР Судьялар кеңеши КР Башкы прокуроруна А.Сүйүмбаевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×