Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 27.11.2014 16:35

Нарын ОИИБне 10 айда 40 кызматкер жаңы жумуш орундары менен камсыз болгон

Turmush -  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кадр бөлүмү тарабынан бардыгы болуп 10 айда 40 кызматкер жаңы кабыл алынган. Мындай маалыматты бугүн, 27-ноябрда Нарын ОИИБ кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Съездбек Каримоав аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын  берген маалыматына таянсак, 9 кызматкер мурда башкармалыкта иштеп кеткендер, 18и офицердик кызматка келген. Ал эми калгандарды күч органдарынын башка тармактарына келишкен.

«Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуу атайын КР Өкмөтүнүн №360 Токтому менен катардагы жана жетектөөчү курамдын Жобосуна жана ички иштер органдарыны мыйзамына,   ички иштер министрлигинин талаптары жана буйруктардын негизинде кабыл алынат», -дейт С. Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×