Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 27.11.2014 15:14

Ак-Талаа районунун социалдык жана маданий тармактары боюнча акимдин орун басары болуп Ж.Мамбетова дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун социалдык жана маданий тармактары боюнча акимдин орун басары болуп Мамбетова Жылдыз Асанкуловна дайындалды. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Бүгүн, 27-ноябрда Ак-Талаа районунун райадминистрациясынын жыйындар залында акимдин орун басарлыгына жаңы дайындалган Ж.Мамбетованы тааныштыруу иш-чарасы болуп, ага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрү, коомдук уюмдар катышып, анда жаңы кызматка дайындалган Ж.Мамбетовага каалоо-тилектер айтылып, ордуна отургузуу аземи болду.

Мамбетова Жылдыз Асанкуловна 1980-жылы 1-декабрда Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2 дипломдун ээси. Кесиби юрист жана социалдык менеджмент.

Алгачкы эмгек жолун 2002-жылы «Дан-Суу» ЖЧКсында юрист, Нарын облустук аскер комиссариатында бөлүмдүн акиминин улук жардамчысы, 2003-2006-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис жана 2006-жылдын январь айынан тарта ушул кезге чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адистиги кызматтарын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

IMG_2535

IMG_2536

IMG_2537

IMG_2542

IMG_2548

IMG_2550

IMG_2566

IMG_2561

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×