Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 24.11.2014 17:07

Ак-Талаа райондук Каржы бөлүмүнүн жетекчилигине Улан Жылтыров дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин буйругу менен райондук каржы бөлүмүнүн жетекчиси болуп Жылтыров Улан Жаңыбаевич дайындалды. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка карасак, Каржы министрлигинин 2014-жылдын 14-ноябрь №414/л буйругунун негизинде жогоруда аты аталган адам, райондук каржы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, аны жаңы ордуна отургузууга райондук бийликтин жетекчилиги катышып, жалпы жамааттын катышуусунда жаңы жетекчинин алдындагы иштерине ийгилик каалашты.

Бул буйрукка Каржы министри Ольга Лаврова кол койгон.

IMG_2272

IMG_2275

IMG_2274

IMG_2269

IMG_2268

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×