Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 21.11.2014 14:46

Ош ШИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы болуп Т.Нурбаев дайындалды

Turmush -  Ош ШИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы болуп Таалай Нурбаев дайындалды.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Т.Нурбаев буга чейин бөлүмдүн мурдагы жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Бөлүмдүн мурдагы башчысы Башкур Абдыкалыков Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрындагы буйругуна ылайык Кара-Суу РИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле, Ош ШИИБдин экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча 5-бөлүмүнүн башчысы болуп Мухиддин Колдошев дайындалды. Мурда ал аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкери болуп эмгектенген.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков кечээ, 21-ноябрда бөлүмдүн жаңы дайындалган башчысы Т.Нурбаевди жеке курам менен тааныштырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×