Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 18.11.2014 11:42

МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп Б.Молдокасымов дайындалды

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары Камалидин Халилов ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, ошол эле башкармалыктын бөлүм башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бошогон кызмат ордуна МСКнын Сокулук району боюнча башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген Бакытбек Молдокасымов отурду.

МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жана МСКнын Сокулук району боюнча башкармалыгынын башчыларына карата кадрдык чечимдерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жогорудагы адамдарды ээлеген кызматтарынан бошотуу тууралуу берген сунуштамасы дагы таасирин тийгизгенин белгилеп кетмекчибиз.

Мындан сырткары, сынактык тандоолордон өтүшкөндөрүнө байланыштуу Сагынбек Жеенбеков МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Фатима Казакова – борбордук аппараттын бөлүм башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү байруктарга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×