Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 27.10.2014 19:19

ИИМге кабыл алынуучу кызматкерлердин саны жогорулатылды

Turmush -  КРнын ички иштер органдарын реформалоо алкагында Ички иштер министри М.Турганбаев Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына иш сапары менен барды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында, Мелис Турганбаев жана түштүк аймактардын ОИИБ жана РИИБдин кызматкерлери тарабынан ОИИБ жана ШИИБдерге техникалык жана кенже кызматтарга милицияга өз ыктыяры менен келгендердин санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү калк жыш жайгашкан аймактарга бөлүндү. Жалпысынан штатка 58 кызматкерди кабыл алуу чечими чыгарылды.

Мындан тышкары, ИИМдин Академиясын бүтүргөндөрдүн ичинен Ош ОИИБга 12, Ош ШИИБге 11, ошондой эле каралып жаткандардын ичинен 20 кызматкер жумушка кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×