Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2014 12:50

БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо күнүн белгиледи

Turmush -  Кыргызстандагы кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо күнү белгиленди.Бул боюнча тийиштүү токтом КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 22-октябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Тактап айтканда, ушул жылдын 10-ноябрында саат 10:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн, Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жана Ош облусундагы Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт.

Мурдараак Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Максут уулу Асанбек менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Молдокасымов жазган арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотулган. Андан кийин Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттары шайланып, биринчи сессия өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×