Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 21.10.2014 12:49

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматында 7 бош орунга сынак жарыяланат

Turmush -  ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматында 7 бош орунга сынак жарыяланат.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка 19 жаштан 30 жашка чейинки, Жол кайгуул кызматында иштеген 35 жашка чейинки жарандар катыша алат.

Кызмат өтөөнү көздөгөн ар бир талапкердин айдоочу күбөлүгүнө, юридикалык жогорку билимге жана медицинаык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымдамага ээ болушу шарт.

Сынактын катышуучулары физикалык даярдык боюнча нормативди тапшырып, психофизиологиялык текшерүүдөн өтүп, жол кыймылын жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүн жана жол эрежелери боюнча билимин көрсөтүшү керек.

Мындан тышкары, милдеттүү түрдө учурдагы нормативдик база боюнча билими текшерилмекчи. Комиссия мүчөлөрү жалпы кругозорун текшерүү максатында суроолорду бере алышат.

Сынактын катышуучулары документтерин Ош ОИИБнын кадр бөлүмүнө тапшыра алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×