Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.10.2014 11:53

Каракол шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Рыспек Кыштобаев дайындалды

Turmush -  Каракол шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматына 8-октябрдан тарта Рыспбек Кыштобаев дайындалды.

Ал Түп районунун Михайловка айылында 1980-жылы 19-январда туулган. 2013-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин №2 экинчи мамлекеттик резиденциясында менеджер болуп, 2010-жылдын 2013-жылга чейин Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри, 2008-жылдан 2012-жылга чейин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчичи болуп иштеген.

Эки жогорку билими бар.

1. Ысык-Көл мамлекеттик университетинде туризм жана экология факултетинин эколог адистиги боюнча окууну аяктаган.
2. Президенттин алдындагы мамлекеттик башкармалык Академиясында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация адистиги боюнча окууну аяктаган.

2014-жылдын ноябрь айынын башында балким, Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына сынак өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×