Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.10.2014 09:44

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы болуп Малика Буванова шайланды

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардында өткөн мугалимдер профсоюзунун конференциясында шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун жаңы төрайымы шайланды. Бул тууралуу шаар активдеринин жыйынында Кызыл-Кыянын мэри Абиш Халмурзаев билдирди.

Маалым болгондой, жашыруун добуш берүүнүн негизинде Малика Буванова аталган профсоюздун төрайымы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, ал буга чейин Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын атайын бөлүмүн жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×