Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 13.10.2014 18:41

Ж.Аширов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы кызматын улантат

Turmush -  Аширов Жанышбек Сайдилаевич Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы кызматын улантты.

КР президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 11-октябрында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде «КРнын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» КР конституциялык мыйзамына ылайык, Ж.Аширов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасынын кызмат ордун ээлөөнү 2014-жылдын 22-октябрынан баштап улантат.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×