Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 21.01.2014 17:04

Жумгалда «Айыл-Банк» мыкты кардарларына белек тапшырды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынан орун алган №048-16-22 «Айыл-Банк» аманат кассасы 2013-жыл ичинде каражат которуу жана сырттан түшкөн төлөмдөр боюнча алдыңкы орундарда келген кардарларын сыйлады. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Аталган банктын жалпы жамааты «Айыл Банк» аманат кассасынын борбордук кеңсеси тарабынан аныкталып, Нарын облусу боюнча алдыңкы орундарды камтыган 3 кардарга баалуу белектерин тапшырышты. Алсак, Чаек айылынын тургуну Балилова Калбүбү, Куйручук айылынан Касымов Муратбек жана Субанбекова Нузгүл сыйланып, түстүү телевизор, чаң соргуч жана электр чайнектерине ээ болушту.

«Бул акция жыл башынан бери уюштурулуп, аманат кассанын борбордук кеңсесинен жарыяланып, жыл ичинде акча которуулар жана насыя алуу тармактары боюнча жылына уюштурулуп келет. Бул жылы Нарын облусу боюнча биздин райондун кардарлары байгелүү болушту. Андан башка дагы көптөгөн акциялар, үстөк пайызы төмөн насыя булактары арасында да акциялар уюштурулуп келет», - дейт аталган аманат кассасынын кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×