Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу 30.01.2014 16:01

Чек арадагы жоокерлерге журналисттер тарабынан концерттик программа тартууланды

Turmush -  Кечээ, 29-январда чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлерге моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында журналисттердин демилгеси менен Элима Жапарова тарабынан уюшулган атайын концерттик программа Баткен областтык музыкалык драма театрында тартууланды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ага аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери катышышты. Концерттик программанын жүрүшүндө кыргыз эллине таанымал ырчы Гүлнара Тойгонбаева, ырчы-куудул Талант Анарбаев, Даниэл, Тамашоу командасы жана башка ырчылар өздөрүнүн чыгармаларын тартуулашты.

Ушул эле концерттик программа 30630-аскер бөлүгүнүн концерттик залында улантылды.

Ага аталган аскер бөлүгүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү да келишип, концертке күбө болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×