Turmush — Аймактык тескөөчүнүн боди-камерасындагы видео жазуулар боюнча лингвистикалык экспертизаны сот кабыл албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургуну Равшанай Шамшиева билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 1-октябрында Кадамжай РИИБдин аймактык тескөөчүсү анын агасы М.К.ны негизсиз кармаган.
«2025-жылдын 1-октябрь күнү Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында акемдин үйүнөн аймактык тескөөчү өзгөчө жыты бар зат деп каннабис таап, "баңгизаттарды сатуу максатында даярдоо" деген беренени коюп койгон. Ошону менен акем 4 ай камалды. 4 ай дегенде гана үй камагына чыкты.
Сот болгон учурда биз аймактык тескөөчүнүн окуя болгон күндөгү көкүрөктөгү камерасынын видео жазуусун сураганыбызда уруксат бербей коюшкан. Кийин ИИМге арыз менен жазган учурда алар видеону бизге беришкен. Ал боюнча бизде маалым каттарыбыз бар. Эч кандай тааныш-билиши жок эле өздөрүнөн алганбыз. Ошол камеранын видеосун сотко көрсөтүп жүрүп, 4 ай дегенде видеонун негизинде акемди үй камагына чыгарышты.
Бирок ошол видео боюнча сотко лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтиргенибизде, кабыл кылган эмес. Ошол видео боюнча экспертиза кылып беребиз десек, "экспертиза жеке болобу, мамлекеттик болобу, биз кабыл алабыз" дешкен. Анан жактоочум сураштырып жүрүп, жеке экспертизаны тапты. Ага биз 90 миң сом төлөдүк. Аны да өзүбүз төлөгөн эмеспиз, адвокат аркылуу төлөгөнбүз. Ал экспертизаны да 1 айдан ашык күттүк», - деди ал.
Равшанай Шамшиеванын айтымында, экспертизанын корутундусу 49 беттен турат.
«Психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында акемдин коңушусу менен аймактык тескөөчү экөө уюштурган деген жыйынтык чыкты. Ошол экспертиза 49 беттен турат. Анын ар бирин окуп чыга турган болсок, аймактык тескөөчү менен акемдин коңшусунун тили бир экенин, бул ишти экөө уюштурганы белгилүү болот. Анда ал маалыматтар айкын көрүнүп турат.
9-июнь күнү сот болуп, биздин ошол экспертизаны сот кабыл албай койду. Прокуратура кабыл албай койду. Себеби "бул жеке экспертиза экен, булар пул берип, өзүнүн пайдасына чечиши мүмкүн" деп коюшту.
Ошондуктан мен соттордон, укук коргоо органдарынан адилеттүү чечим күтөм. Бул иштин баары уюштурулган. Бир аймактык тескөөчүнүн катасы үчүн бир адам камалайын деп жатат. Бул окуя боюнча жаш баладан деле сурасаңар, "подстава" деп айтат. Баарына кайрылдык. Жакшы жооп ала албай жатабыз», - деди Шамшиева.
Turmush бул окуя 2024-жылдын 1-октябрында Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында болгонун жазган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын 47 жаштагы тургуну К.М. өз үйүндө өзгөчө жыты бар өсүмдүктү (шектүү баңгизатты) кургатып жаткан жеринен Айрыбаз айылдык бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү тарабынан кармалган. Бул факты боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүүнүн жубайынын айтымында, милиция кызматкерлери К.М.га «моюнга алып кой, дарылык максатта сактадым деп айт, жеңилдик болот» деп кысым көрсөтүшкөн.
Коңшулары жана туугандары укук коргоо органдарынан бул ишти калыс жана ачык иликтөөнү, аймактык тескөөчү менен тергөөчүлөрдүн аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылышкан.