Turmush — Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы аянтта 1-июнь күнү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башталды.
Майрамдын расмий ачылышына чейин мэриянын имаратынын алдына аниматорлор, барабанчылар, ыктыярчылар жана иш-чаранын уюштуруучулары чогулушту. Майрамдык колоннада Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов жана «Евразия Кыргызстан» аймактык башкармалыгынын директору Кымбат Урумкулова да жүрүштү. Барабандардын коштоосунда катышуучулар мэриянын имаратынан аянттагы башкы сахнага чейин барышты.
Аянтка чогулган шаар тургундары жана коноктор колоннанын катышуучуларын кол чабуулар менен тосуп алышты. Сахнага көтөрүлгөн соң алар караколдуктарды майрамы менен куттукташты.
Мэр Талантбек Иманов балдарды, ата-энелерди жана иш-чаранын конокторун Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, шаардын жаш тургундарына бакыт, ден соолук жана тилектеринин орундалышын каалады.
«Бул иштердин баары балдарыбыз үчүн жасалууда. Биз алардын бактылуу болуп чоңоюшун жана чоңдордун камкордугун сезишин каалайбыз», — деди шаар башчысы.
Куттуктоо сөзү менен Кымбат Урумкулова да чыкты.
«Биз бул жерге балдарга кубаныч тартуулоо үчүн чогулдук. Анткени балдар — биздин эң кымбат байлыгыбыз. Силер үчүн эң жакшы шарттарды түзүүгө, сапаттуу билим жана татыктуу келечек болушуна аракет кылып келебиз. Балдарды тарбиялап жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Бардык балдар сүйүүдө, камкордукта жана бакубатчылыкта чоңоюшсун», — деди ал.
Сөз сүйлөөлөрдөн кийин аянтта 10 секунддук артка саноо башталды. Ал аяктаганда Талантбек Иманов менен Кымбат Урумкулова символикалык баскычты басып, майрамдык иш-чараларды расмий түрдө ачышты. Ошол учурда сахнанын үстүнө конфетти чачылып, көрүүчүлөр майрамдын башталышын кол чабуулар менен тосуп алышты.
Күн ичинде конокторду бай программа күтөт: парад, балдар үчүн сый тамактар, фокусчу-иллюзионисттин өнөрү, цирк көрсөтүүсү жана барабанчылардын шоусу.
Майрамдын кульминациясы кыргыз жана орусиялык эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң концерт болмокчу. Анда Адиль Каипов, Амирчик, «Жийдэк» жана «Шаттык» ансамблдери, Клава Кока жана «Дискотека Авария» тобу чыгышат.
Майрамдык иш-чара түстүү фейерверк менен жыйынтыкталат.