Turmush — Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев Кытайдын Харбин шаарында өткөн инженердик илимдер боюнча эл аралык конференцияга жана ректорлордун форумуна катышты.
Жыйында ар кайсы өлкөлөрдүн университеттери, илимий борборлору жана өнөктөш уюмдары чогулду.
Негизги темалар:
1. Заманбап технологияларды өнүктүрүү;
2. Жасалма интеллект, жашыл энергетика, санариптик инженерия;
2. Кадр даярдоо — студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен программалар;
3. Теңчилик — инженердик тармакта аялдардын жана жаштардын ролун күчөтүү.
Бул конференция ОшТУ үчүн дүйнөлүк тажрыйбаны алып келүү, студенттерге эл аралык стажировкалардын эшигин ачуу жана илимий байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү кадам болду.
Ал эми ректорлордун форумунда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Кытай, Улуу Британия, Пакистан, Египет, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн жогорку окуу жайлардын ректорлору, илимий мекемелердин жана ири компаниялардын өкүлдөрү чогулуп, эл аралык ядролук инженерия боюнча кадр даярдоо жана алмашуу туурасында Альянс түзүүгө кол коюшту. Иш-чараны Кытайдын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлиги менен Мамлекеттик атом энергиясы башкармалыгы уюштурду.
Иш-чара ШКУ жана «Борбор Азия + Кытай» форматтагы кызматташтыктын алкагында өтүп, университеттин эл аралык деңгээлин көтөрүүгө салым кошту.