Turmush — Ош технологиялык университетинде Япониядан келген делегация менен жолугушуу өттү.
Делегацияны окуу жайдын жетекчилиги кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жолугушууга Хосака Кенжи — Жарандык курулуш машиналарын куруу ассоциациясынын башкаруучу директору, Вакано Михо — Жарандык курулуш машиналарын куруу ассоциациясынын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери, Ванг Ю — «Южань» корпорациясынын президенти, ошондой эле Сыдыкова Асель — «Юник Азия» ЖЧКсынын директору жана Кушубекова Асель — «Юник Азия» ЖЧКсынын юристи катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, өндүрүш, инновация жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алышуу болуп, келечектеги өнөктөштүктүн перспективалары талкууланды.
Ошондой эле делегация өкүлдөрү университеттин материалдык-техникалык базасы, инфраструктурасы, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты.
Иш сапардын жыйынтыгында эки тараптуу байланышты чыңдоо жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара кызыгуу билдирилди.