Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы «Нова» окуу-тарбия комплексинде «Университет жана мектеп: билим берүү башкаруусунда лидерлик, тажрыйба жана өнүгүү» аттуу тегерек стол жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Окуу жайлын маалыматы боюнча, иш-чаранын негизги максаты университет менен мектептердин өз ара кызматташтыгын чыңдоо, билим берүү тармагындагы башкаруучулук тажрыйбаларды бөлүшүү, заманбап лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу болду.
Тегерек столду «Нова» мектебинин директору Төлөгөн Асланов алып барып, университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган КӨЭАУнун өкүлдөрү: Өскөнбай Дилишатов, Тургунбай Алдакулов, Кумарбек Мисиралиев, Лейлек райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп жетекчилери жана билим берүү тармагына кызыккан катышуучулар активдүү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө университет менен мектептин билим берүү процессиндеги өз ара байланышы, жетекчилердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, билим берүү уюмдарын натыйжалуу башкаруу, педагогикалык жамаат менен иш алып баруу, билим сапатын жогорулатуу, ошондой эле ата-эне жана коомчулук менен өнөктөштүктү чыңдоо сыяктуу маанилүү маселелер кеңири талкууланды.
Тегерек столдун алкагында катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Мындай жолугушуулар университет менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, келечектеги биргелешкен долбоорлорго негиз түзөрү белгиленди.