Turmush — Түп районуна караштуу Балбай айылынын тургуну Нургүл Метишпаева үй шартында таттуу азыктарды даярдап, киреше табууда. Ал бул кичи бизнесин 6 жыл мурун колго алып, учурда Түп районунан сырткары Каракол шаарына чейин соода-сатык жүргүзүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, мезгилдин талабына жараша той-аштарга да буйрутма алып келет.
«Мен 1979-жылы Казакстандын Тараз жергесинде жарык дүйнөгө келгем. Нике кайып экен, кыргыз жигитине турмушка чыктым. Өмүрлүк жолдошум экөөбүз 2003-жылы баш кошуп, учурда Балбай айылында жашап келе жатабыз. Үй-бүлөдө 3 уул жана 3 кызды тарбиялап чоңойттук. Өзүм соода-сатыкка шыктуумун. Көп жыл ар кандай соода кылып, кез-кезде Россияга барып да эмгектенип жүрдүк.
Андан кийин, 6 жыл мурун өлкөбүздө социалдык келишим программасы башталып, ага катышып көрүүнү чечтик. Ошондо 100 миң сом кайтарымсыз акча каражатын алып, кондитердик бизнес баштадык. Азыр үзүрлүү эмгектенип келе жатабыз», - деди ал.
Нургүл Метишпаева казак кызы катары Кыргызстандан бакыт таап, өз ишин түптөп жатканына сыймыктанат.
«Негизи кондитердик азыктарды жасоого бала кезимден эле жөндөмүм бар болчу. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде кондитердик өндүрүш тармагы боюнча билим алдым. Учурда ушул кесибимди жашообузда колдонуп, Түп району менен Каракол шаарын жумасына 3 жолу таттуу азыктар менен камсыз кылып келе жатабыз.
Алгач 100 миң сомго нан бышыруучу шаймандарды сатып алдык. Ага өзүбүздөн да кошумча каражат кошуп, буюртмалардын негизинде ишти улантып кеттик. Азыркы тапта 1 даана булочканы 16 сомдон сатабыз, ал эми торттор түрүнө жараша 600 сомдон жогору бааланат. Кондитердик азыктарга нукура азыктарды колдонобуз.
Мындан сырткары, жарым фабрикат азыктарын да даярдап, жергиликтүү тургундарды бешбармакка керектүү камыр менен камсыздап келебиз. Келечекте чакан цех ачып, бизнести өнүктүрүүнү максат кылып жатабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.