Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын тургуну Абдалбек Турсуналиев өзгөчө жандык багып, айылдаштарын таң калдырып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Турсуналиев Абдалбек Арнусбекович 1978-жылы аталган айылда туулган. Үй-бүлөлүү, 4 уул жана 1 кыздын атасы. Айылда мал чарбачылык, дыйканчылык жана үй канаттууларын багуу менен алектенет. Ал учурда кызыл кулак суу таш бакасын багып жаткандыгын айтты.
«Таш баканы шаардагы уулум бөбөктөрүнө берип жибериптир. Кутуга салып коёбуз. Чакага суу куюп, чакага дагы салып коёбуз. Атайын жемин кошо алып берген. Ошондон берет. Кээде балдарым саздан чабак кармап беришет. Жашылча дагы беребиз. Чабакты укмуш жейт экен. Бул таш баканы кызыл кулак суу таш бакасы деп коёт. Кичинекей кезинде алып келгенбиз. Азыр көлмөдө багып жатам. Суу аккан арыктын жээгинде жүрө берет. Кааласа сууга түшүп кетет, кааласа куракка чыгып алат. Бирок балдар карап турушат. Антпесе суу бойлоп жоголуп кетиши мүмкүн. Негизи сууда жашайт. Бирок күнгө чыгып жылынганды жакшы көрөт. Азырынча жөн эле кызыгып багып жатам. Биздин климатка деле көнүп кетет. Болгону суу жылуу болуп турушу керек. Эгер жакшы бакса, бул таш бака 50-60 жылга чейин жашайт. Таш баканын жашын үстүндөгү бөлүк-бөлүк болуп турган ташынан карап санаса болот», - деди Абдалбек мырза.
Каарманыбыз үй канаттууларын бакканга дагы кызыгат.
«Жеке эле сойлоп жүрүүчү жаныбарларга эмес, учкандарына деле, чуркагандарына деле кызыгам. Кээде алдыман жылан чыгып калса кармап алып, желим бөтөлкөгө салып коём. Анткени айрымдар дарылыкка жегенге "жылан таап берчи" деп калышат. Сурабай калышса, коё берип жиберем. Сурап калышса, берип коём. Ал эми канаттуулардын бардык эле түрүн баккым келет. Быйыл 15 баш үндүк сатып алгам. Кудай буюрса канаттууларга ылайыктап короо-жай салып жатам. Үндүк, каз, өрдөк көбөйтсөкпү деп жатабыз. Ошондой эле төө куш багууну дагы пландап жатам», - деди ал.
Кызыл кулактуу таш бака — таш бакалардын трахемистер тукумундагы бир түрү. Ал үч түрчөдөн турат. Америка Кошмо Штаттарында кеңири таралган жана үй жаныбары катары популярдуу. Бул таш бака тайыз көлдөрдү, көлмөлөрдү жана жээктери жапыз, саздак башка сууларда жашайт. Тойгондо таш бака жээкке сойлоп, күнгө күйөт. Ачка болгондо тамак издеп жай сүзөт.
Ал коркунучту 30–40 метр алыстан байкай алат, андан кийин сууга бат түшүп кетет. Ошондуктан анын лакап аты «Слайдер». Бул ташбаканын үн байланыштары өнүккөн эмес. Ал ышкырып, чыкылдаган үндөрдү чыгара алат. Толкунданганда коңурук тартат. Ошондой эле, кыска кычыраган үнгө окшош үн чыгара алат. Кызыл кулактуу слайдерде көрүү жана жыт сезүүсү жакшы өнүккөн. Көрүүдөн айырмаланып угуусу начар өнүккөн. Бирок кызыл кулактуу слайдерлер угуу менен навигацияны абдан жакшы билишет.