Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну Айперим Курманалиева жасаган сүмөлөк Бишкек шаарына чейин сатылууда. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Айперим Курманалиева 1992-жылы Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Үй-бүлөлүү, жолдошу Дастан Иманбеков Ак-Тал айылынын айыл башчысы болуп эмгектенет. Жубайлар 1 уул, 6 кыздын ата-энеси.
Каарманыбыз сүмөлөк майрам күнү эле эмес, башка учурларда дагы дасторкон үстүнө коюла турчу тамак-аштардын катарын толуктап турушу керектигин айтты.
«Эл арасында сүмөлөктү Нооруз майрамында гана жасаш керек деген түшүнүк орноп калган да. Бирок сүмөлөк кыргыздын улуттук тамагы болгон соң эмне үчүн башка убакыттарда жасап жесе болбосун деп, 10 жыл мурда үйгө дайыма дасторкон үстүнө коюп жегенге жасап көрдүм. Баарыбызга жакты. Өзгөчө үйдөгү жаш балдарымды дүкөндөрдөгү ар түркүн, курамы белгисиз таттуулардан оолактатуу үчүн эң жакшы альтернатива катары берип келем. Ошондон бери мүмкүнчүлүк болуп калган учурда жасап келем. Акыркы учурда тааныштардан, айылдаштардан "сүмөлөк жасап сатсаң жакшы болмок" деген сунуштарынан кийин жасап баштадым. Негизги максатыбыз — коомчулукту, өзгөчө жаш балдарыбызды зыянсыз органикалык табигый таза азыктарды, таттууларды пайдаланууга көндүрүү. Күнүмдүк турмушта улуттук сүмөлөктү ар дайым тамак-аш катары пайдаланууну жайылтуу болуп саналат», - деди ал.
Айперим Курманалиевага борбордон да бюуртма түшөт.
«Учурда бир жасаганда 20-30 литрдей жасайм. Муздаткыч жана тоңдургучка салып эле сактайм. Муздаткычта көп убакыт сакталса, тоңгон абалда сапатын өзгөртпөй жылдап сактаса деле болот. Учурда чакан өлчөмдө жасап жаткандыктан, айрым учурларда жолдошум жардам берет. Өзүнүн чыгымын жана эмгегимди актап жатат. Башкысы коомчулукта органикалык таза азыктарды колдонууда суроо-талап өссө көп өлчөмдө өндүрүп, жакшы киреше тапса болчудай. Буйрутма менен эле жасайм. Сүмөлөктүн 0,9 литрин 300 сом, 0,5 литрин 200 сомдон сатабыз. Башка айылдардан жана Бишкектен дагы буйрутма түшүп, салып жиберген учурларым болууда», - деди ал.
Каараманыбыздын айтымында, органикалык таза азыктарды өндүрүү максаты бар.
«Учурда сатыктагы дээрлик көпчүлүк тамак-аш жана күнүмдүк колдонуучу товарларда ар түркүн зыяндуу даам бергич, жыт бергич, боёктор кошулуп жаткандыктан күн сайын ар түркүн оорулардын саны көбөйүүдө. Ушундай учурда коомго сапатсыз азыктарга каршы альтернатива катары органикалык таза азыктарды, таза суусундуктарды, ар кандай колдонуучу каражаттарды өндүрүү максатым бар. Дыйканчылык менен дагы алектенбиз. Эч бир кошумчасыз жер семирткич, нитрат кошулбаган азыктарды, жер-жемиштерден дагы азыктарды, суусундуктарды чыгаралы деп жатабыз буюрса», - деди Курманалиева.