Turmush — Ош шаарына эл аралык «Эскерүү оту» эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнөн алынган Түбөлүк оттун бөлүгү алынып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аны Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус, ошондой эле медиа-куратор Татьяна Светличная алып келишти.
Салтанаттуу тосуп алуудан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплексте Түбөлүк отту жандыруу аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев, Россиянын башкы консулу, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Шаардык ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Түбөлүк отту жандырып, катышуучуларды Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты. Бул акциянын баатырларды эскерүүдөгү жана жаш муунду тарбиялоодогу мааниси белгиленди.