Turmush — Чүй облусунун Москва районунда окуучулар жана бөбөктөр Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата видео тасма жаратып, жеңиш күнүн даңазалоодо. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева билдирди.
Маалым болгондой, райондо 33 жалпы билим берүү мектептери жана 16 балдар бакчасы бар.
«Ар бир билим берүү мекемесинде Улуу Жеңиштин 81 жылдыгын утурлай даярдыктар көрүлүүдө. Окуучулар жана бөбөктөр китептерден окуган, кино тасмаларда көргөн жана мугалим, тарбиячылардан таалим алган уңгулуу сөздөрдүн таасиринде сүрөт тартып, патриоттук ырларды көркөм окушуп, видеотасма жаратууда. Анда эстеликке гүлчамбар коюшуп, аталардын эрдигин даңазалап жатканын байкоого болот. Бул жаштарды Ата Мекенди сүйүүгө, биримдик жана бир туугандык гана тынчтыктын символу боло турганын ачыктоодо», — деди билим берүүнүн башчысы.
Ал эми Нарзан айыл аймагындагы Ак-Суу 1 жалпы билим берүү орто мектебинин директору Мээрим Алымбаеванын айтымында, жыл сайын Улуу Жеңиш күнү өзгөчө белгиленип келет. Анда окуучулар "Өлбөс полк" жүрүшүндө чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, эрдигин даңазалап келишет.