Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Шаты айылынын тургуну Айгүл Нурдалетова 4 жылдан бери ашпозчулук менен алектенет. Ал бул кесипти жолдошу менен бирге улантып, тойлордо кызмат көрсөтүп келе жатканын Тurmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Анын айтымында, журналист болууну каалаган. Учурда мугалимдик кесип боюнча билим алууда.
«1993-жылы жарык дүйнөгө келгем. Шаты айылындагы Д.Молдогазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттап, 2011-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле мезгилде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу аяктай албай калдым. Өзүм бала кезден эле адабий чыгармаларга кызыгып, ыр жазууга шыгым ойгонгон.
Жолдошум экөөбүз баш кошуп, 3 кызыбызды тарбиялап келе жатабыз. Кызыгы кайын ата, кайын энем да классташтар болсо, өмүрлүк жолдошум экөөбүз да бир класста чогуу окуганбыз. Акыркы 4 жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалап, үй-бүлөм менен тойлордо кызмат көрсөтүүдөбүз. Экинчи кыялым мугалим болуу болгондуктан, учурда Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжде сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатам», - деди ал.
Айгүл Нурдалетова ашпозчулукту үйрөнүүгө улуу абысыны түркү бергенин кошумчалайт. Бул эмгегинин аркасы менен өзүнө жеке унаа сатып алганын билдирди.
«Жолдошум экөөбүз жаш кезибизде баш кошуп, эки тараптуу ата-энебиздин колдоосун күтпөй бардыгын өзүбүздүн күчүбүз менен баштадык. Батирде жашаган күндөр болду. Бактылуу күндү бир гана акча чечпей турганын азыркы жаштарга да айткым келет. Бардык тоскоолдуктарды жеңип, жер тилке сатып алып, үй-жайлуу да болдук. Аял киши жолдошунун тапканын эле күтпөстөн, тирөөч болсо да ашыктык болбойт. Кыздарымды карап, декретте отурган мезгилде бир тууган абысыным "сен тамакты даамдуу жасайсын, ашпозчу болбойсуңбу" деп сунуш берди. Ошондо Динара деген устатым менен жолугуп, жанында чогуу жүрүп, ашкананын бардык сырларын үйрөндүм. Аны менен гана чектелбестен Бишкек шаарынан кошумча билим алып, дипломдун ээси болдум.
Мындан 4 жыл мурун унаа жок, такси жалдап тойлорго чыкчубуз. Кийин жолдошум унаа айдап жеткирип жатты. Жетишпей жатканда кол кабыш кылып, дасторкондун көркүн чыгарып кооздоого жардам берип, ал да үйрөнүп калды. Ошондон улам ашпозчулук үй-бүлөбүздүн негизги кирешесине айланып, учурда Бишкек, Нарын шаарларына, Ысык-Көлдүн бардык аймактарына чакыруу келет. Бир ирээт коңшу Казакстанга да чакыруу болгон, бирок казак жерине баруудан баш тарттык», - деди ал.
Ашпозчулар кызматына жараша жакшы маяна тапканы менен кесиптин оор жагы да бар экенин кошумчалады.
«Кыз узатуу, куда тосуу, келин алуу сыяктуу тойлорго кыш-жай мезгили дебей буйрутма келип түшөт. Менюда тамак-аш, салат, кондитердик азыктын түрлөрү көп. Элдин суроо-талабы, сунушуна жараша тейлөө көрсөтөбүз. Акыркы бир жыл аралыгында жергиликтүүлөр туура тамактанууга ыктап, көбүнчө жашылча, чөп-чар кошулган салаттарды даярдоону сунара баштады. Азыркы тапта киши башына 350 сомдон тейлөө көргөзөбүз. Бир тойдон жакшы маяна тапканыбыз менен баштан аягына чейин тикебизден тик туруп, кызмат кылабыз. Кээ бир үйдө шарты бар, шарты жок болот. Жалпылап айтканда ысыкты да, муздакты да көрөбүз. Албетте, кечке түтүн жыттап очокто жүрүү да ден соолукка терс таасирин тийгизет. Ошол себептүү окуумду бүтсөм, келечекте кыялымдагы агартуучулук кесипти аркалайм деген максатым бар. Эң негизгиси мага ишеним көрсөтүп, колдогон жакын адамдарыма, жолдошума терең ыраазычылык билдирем», - деп жыйынтыктады.