Turmush — Ош шаарындагы түнкү клубда уруш чыгарган келинге карата соттун өкүмү чыкты. Turmush басылмасы иштин чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Айыпталуучу Майрамгүл (аты өзгөртүлдү М.А.) 1992-жылы Алай районунда туулган. Күйөөсү менен ажырашкан, 2 баланын энеси. Ош шаарында иштейт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү (бейбаштык) менен айып тагылган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Майрамгүл 2025-жылдын 5-декабрь күнү Ош шаарындагы түнкү клубдун ичинде Аселди (аты өзгөртүлдү А.Д.) оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тээп, столдун үстүндөгү чоң кружка менен уруп жаракат келтирген.
Соттук-медициналык экспертизанын 2025-жылдын 16-декабрындагы корутундусуна ылайык, Асел башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Оң жак акыреги, сол билеги жана сол бутунун саны көгөргөн.
Майрамгүл сотто күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, окуянын чоо-жайын айтып берди. 2025-жылдын 5-декабрь күнү саат 23:30 чамасында түнкү клубдун ичинде сыртынан тааныш болгон Асел аттуу кыз келип, алар отурган столдун жанында уруш чыгарган. Анткени Аселдин жолдошу Малабек (аты өзгөртүлдү) алар менен бир столдо отурган. Асел келип, Малабек менен урушуп, аны жана анын экинчи аялын ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп, «4 баланын убалына каласың. Сен ойношсуң, сойкусуң» деп урушкан. Андан соң ага (Майрамгүлгө) асылып баштаган. Ошол учурда аны бир жолу бутуна тепкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Асел ага бокалды ыргытып жиберген. Бирок ал ага тийбей, Малабектин өкүл кызынын колуна тийген. Ошондон кийин ачууланып, столдун үстүндө турган пиво ичкен чоң бокалды алып, Аселди карай ыргытып жиберген. Бокал Аселдин колуна тийген. Уруш бүткөндөн кийин ал жерден чыгып, үйүнө кеткен.
Майрамгүл буга катар эле кылганына өкүнүп, жабырлануучудан кечирим сурап, камакка байланышпаган жеңил жаза берүүнү суранды.
Соттук отурумда жабырлануучу, 1989-жылы туулган Асел дагы көрсөтмө берди. 2025-жылдын 5-декабрында саат 23:20 чамасында Ош шаарындагы «Эне-Сай» түнкү клубунун ичинде ага тааныштары телефон чалып, жолдошу Малабек клубда кыздар менен эс алып жүргөнүн айтышкан. Малабек Бишкек шаарына кеткен деп ойлогондуктан, текшерип көрүү үчүн ошол жакка барган. Ал жерде Малабек башка кыздар менен спирт ичимдиктерин ичип отурганын көрүп, жанына барып, «Сен ушул кыз менен жашайт экенсиң. Мен буга чейин айтсам мойнуңа албай койгонсуң» деп уруша кетишкен. Ошол учурда Малабек ошол жердеги башка адамдар менен жакалашып уруша кеткен. Андан кийин Малабек менен чогуу жүргөн Майрамгүл аттуу кыз менен да уруша кетип, аны болсо уруп, андан соң буту менен тээп жиберген. Ал кыз столдун үстүндөгү пиво ичкен чоң бокалды аны көздөй ыргыткан. Бокал анын колуна жана башына тийген. Ошол учурда ачууланган абалда болгондуктан эмне болуп жатканын толук түшүнбөй калган. Андан кийин башы катуу ооруй баштаган. Асел буга катар эле айыпталуучуга мыйзам чегинде катуу жаза берүүнү суранды.
Соттук отурумда күбө катары Гүлжайна (аты өзгөртүлдү К.Г.) да көрсөтмө берди. Ал күнү түнкү клубка достору менен эс алганы барган. Ал жакта Малабек аттуу жигити менен чогуу болгон. Ошол учурда Малабектин аялы Асел келип Малабек менен урушкан. Алар менен чогуу отурган тааныштары Медер (аты өзгөртүлдү) менен Майрамгүл аларды бөлүштүрүп жаткан. Ошол учурда Майрамгүл менен Асел уруша кетишкен. Аселди нары тарапка башкалар алып кеткен. Бирок ал ошол жактагы бокалды алып, Майрамгүл тарапка ыргытып жиберген. Бокал Майрамгүлгө эмес, анын жанында (Гүлжайжанын жанында) отурган өкүл кызы Тамаранын (аты өзгөртүлдү) колуна тийген. Анан кийин Майрамгүлдүн жини келип, Аселге тарапка бокал ыргыткан. Ал Аселдин колуна тийген. Андан кийин Аселди башкалар эшике алып чыгып кеткен болчу.
Сотто Малабек да көрсөтмө берди. Ал күнү түнкү клубда ичимдик ичип эс алып отурган. Ошол учурда аялы Асел келип калып, кызганычтан ызы-чуу башталып кеткен. Бирок өзү мас болгондуктан толугу менен эмне болгонун билбей калган.
Ош шаардык сотунун өкүмү:
Ош шаардык соту 2026-жылдын 5-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Майрамгүлдү Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин 1-бөлүгү (бейбаштык) менен күнөөлүү деп таап, 20 миӊ сом айып салды.