Turmush — Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 81 жылдыгына карата Turmush басылмасы тарыхта калган ардагерлер тууралуу баяндап жатат. Бул жолу согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынан чыккан баатыр Долдой Султаналиев тууралуу анын кызы Дилбара Султаналиева аймактык кабарчыга баяндама жасады.
Апа, эртең чоң согушка аттанып жатабыз
«Атамдын агасы Долдой Султаналиев 1920-жылы Кызыл-Эмгек (азыркы Тоголок Молдо) кыштагында туулган. Атабыз 17 жашында согушка чакыртылып, бирок 6 айдан ашык убакыт танк башкаруу боюнча окутуу жана машыгуулардан өтүптүр. 1943-жылы душмандардан 7 жоокерин, бир нече мотоциклин жок кылып, аягында өзүнүн танкасы жарылып, 1943-жылы каза болуптур. Ал тургай үйгө "кара кагаз" дагы келиптир.
Биз мурдагы жылы атабызды издей баштадык. Москвадан суратканбыз. Бизге берилген маалымат боюнча, атабыз Орловская облусунун Хотынецкий районунун Мощеное кыштагында сөөгү көмүлгөн экен. Бирок чоң энебизге "кара кагаз" келгени айтылбаптыр. Чоң энебиз "уулум тирүү, бир күнү келет" деп күтүп жүрүп каза болуптур. Атам деле "агам эмне болду экен, балким тирүүбү" деп күтүп жүрүп, атам дагы бул дүйнөдөн өтүп кетти. Бир гана жолу чоң энебизге "апа, эртең чоң согушка аттанып жатабыз" деген кат келиптир. Ошол боюнча таптакыр кат-кабар дагы келбептир», - деди Дилбара Султаналиева.
10-гвардиялык танк бригадасы
Ал эми Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги бир катар документтерге көз жүгүртсөк, анда биз кеп кылып жаткан Долдой Султаналиев 10-гвардиялык танк бригадасынын 169-батальонунда кызмат өтөгөндүгү көрсөтүлгөн жана гвардиянын сержанты аскердик чини менен жазылган. Коргоо Элдик Комиссариатынын 1942-жылдын 17-ноябрындагы №365 буйругу менен 35-танк бригадасы 10-гвардиялык танк бригадасына айландырылган. Аталган гвардия 1943-жылдын мартынан Батыш фронтунун Ржев-Вязьма чабуул операциясында, 1943-жылдын жайынан тартып 4-танктык армиянын курамында иштеп, Курск салгылашууларынын экинчи фазасында согушка катышкандыгы жазылган.
Жарадар жоокердин эрдиги
1943-жылдын 13-июль күнү Орловский облусунун Старица кыштагынын жанындагы курч мүнөздөгү салгылашууда гвардиянын «КВ» танкынын экипажы душмандын мизин майтарып, бирок танкка снаряд тийип, иштен чыгат. Танкка экинчи жолу снаряд тийип, танк күйө баштайт. Экипаждын бири өлүп, бири сержант Долдой Султаналиев жарадар болот. Бирок жарадар жоокер Султаналиев пулёмоттон душмандарды көздөй аткылап кирет. Ал натыйжада душмандардын 1 даана танкасын, 7 даана аткычтар мотоциклин жана 25 немис жоокерин жок кылат. Бул эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланат. Ошентип, кызыл аскерлер душмандардын жайгашкан жерин жарып өтүп, андан ары согуштук операциясын уланткан.
Ал эми Долдой Султаналиев бул окуяда каза болгондугу көрсөтүлгөн эмес. Ал 1943-жылдын 8-август күнү каза болуп, Орловская облусунун Хотынецкий районунун Мощеное кыштагында өлгөндүгү жазылган. Анткени тарыхый булактарга көз жибертсек, 10-гвардиялык танк бригадасы 1943-жылдын жай айларында Орел-Брянск чабуулу операциясынын мезгилин кошкондо, Орёл облусунда согуштук аракеттерге катышкан. Тактап айтканда, 1943-жылдын июль айынан август айына чейинки аралыкта Орел жана Брянск чабуулдарына активдүү катышкандыгы так жазылган. Кызыл аскер Долдой Султаналиев ушул салгылашта курман болушу ыктымал же жарадар болгондон кийин Хотынецкий районунда госпиталда жатып каза болушу мүмкүн.