Turmush — Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 81 жылдыгына карата Turmush басылмасы тарыхта калган ардагерлер тууралуу баяндап жатат. Бул жолу аймактык кабарчы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан чыккан Орумбай Кожоев жөнүндө анын кызы Турганбүбү Орумбаева менен маектешти.
Көзүнө ок тийген жоокер
«Атам Орумбай Кожоев 1909-жылы Жаңы-Тилек айылында туулган экен. Ал 6 жашынан баштап арап тилинде молдодон билим алат. Совет өкмөтү орногондон кийин латын тамгасында мектептен билим алган соң зоотехникалык техникумду ийгиликтүү аяктаган. Кесиби боюнча зоотехник.
Атам 1941-жылы согушка кетип, пулёметчик болгон экен. Сталинградды коргоо согушунда салгылашуусунда көзүнөн жарадар болот. Госпиталдан чыккан соң кесиби зоотехник болгондуктан атчандар армиясында кызмат өтөп, андан ары согушту улантыптыр. Ал Прибалтика, Венгрия, Польша өлкөлөрүн немистик баскынчылардан куткарууга катышат. 1945-жылы жеңиш күнүн Венгриядан тосот.
1946-жылы согуштан кайтып келет. Алгачкы эмгек жолун Ак-Тал айылында зоотехник, Ак-Кыя, Коңорчок, Жеңиш, Кош-Дөбө жана Ленин колхоздорунда зоотехник болуп, кийин ферма, башкарма болуп эмгектенет. Артта калган чарбаларды өнүккөн чарбаларга айлантат. Бул эмгеги үчүн райондук, облустук, республикалык сыйлыктарды алган. Өзү чоң молдо, санжырачы, тарыхчы болгон. Ыр түрүндө дагы, кара сөз менен дагы философиялык ойлорун араб, латын, орус жана кыргыз тилдеринде эркин жаза билген, абройлуу инсан болгон. 1990-жылы 82 жашында каза болгон. Атам 1-даражадагы "Ата Мекендик согуш" ордени менен сыйланган», - деди кызы Турганбүбү Орумбаева.
Бир тууган иниси Жакуттун атылышы
«Сталингрд үчүн болгон согушта бир тууган иниси Жакут Кожоев экөө салгылашууда чогуу болгон экен. Аларды беттеп душмандардын танкалары келиптир. Атам 2 танканы аткылап токтотуптур. Ошол учурда командир "дагы ушундай эрдик кылсаң сени сыйлыкка көрсөтөм" деп айтып жаткан учурда нары жакта дагы бир жоокер "Жакутка ок тийди" деп кыйкырган экен. Атам ордунан тура калганда көзүнө ок тийиптир. Жакут атабыз Орумбай атаны госпиталга алып кетишсе, андан ары үйгө кетирет го деп ойлоп "ырас, жок дегенде бирибиз аман калат экенбиз" деп ойлоп, ага-туугандарга салам жолдогон экен. Орумбай атабыз госпиталда кезде, Жакут атабыз кароолдо турган жерде уктап кетип, атып салышыптыр. Ал кездеги аскердик тартип ошондой окшойт да. Кароолдо турганда уктабаш керек экен. Анткени кароол уктап калып, душмандардын келе жатканын билбей калса, бүтүндөй бир полк кырылып калышы ыктымал экен. Жакут атабыз уктап кетип, атып салышыптыр», - деди Орумбаева.
Жолдош Кожоевди чакыргыла
«Согуштан кийин Ак-Талаа районунун 1-секретары, айтылуу Корчубек Акназаров менен чогуу иштешкен. Ал киши атамды улам артта калган колхоздорго "ушул чарбаны көтөрүп бериңиз" деп зоотехник же башкарма кылып дайындачу экен. Атамдын абдан сыйлачу дейт. Райондо чогулуштар болгондо, доклад жасарда "жолдош Кожоевди чакыргыла" деп айылдан алдырып кетчү да. Мен деле көрүп калдым. Алгач, артта калган Ак-Тал айылына зоотехник кылып жөнөтүптүр. Ал кезде колхоздун 1 козусун дагы союп же жоготконго болчу эмес экен.
Атам колхоздун чарбаларын, малчылардын үйлөрүн ат менен кыдырып, таанышып жүрүптүп. Бир алачык турган экен. Барса эч ким чыкпайт. Аттан түшүп, атын байлап жатса эле козунун маараган үнү чыгат. Үн чыккан жакка барса отундар, чырпыктар жатат. Чырпыктарды түртүп караса, казылган ороодо 5-6 козу туруптур. Унчукпай үйгө кирсе, баканда козунун териси жана 2-3 жилик эт илинип туруптур дейт. Үйдө бир аял жана 3-4 жаштагы бала бар экен. Атам кирип келсе, тигил аял жактырбагансып кабыл алат. Атам "чабан кайда" десе, "кой кайтарып кеткен" деп эле коёт. "Келиңиз, отуруңуз" дебей, айтор жактырбагандай мамиле кылыптыр. Атам "келгиче күтүп турайын" деп, жамбаштап жатып уктап кетет. Согушта жарадар болгон көзүнө линза салынган да. Ал көзү жумулбайт. Бир убакта тиги бала келип, атамдын жумулбаган көзүн кармалап "ата, бул көзүң жумулбайбы, көрөбү?" десе, атам "Ооба балам, бул көзүм бул көзүмдөн кыйын көрөт. Эшиктеги ороодогу козуларды, бакандагы терини, этти көрөт" десе, тиги аял баласын бир-эки чапкылап, сыртка алып кетиптир. Аңгыча, малчы келип, "аксакал ит болдук" деп кечирим сурап кутулушкан экен. Атам абдан чынчыл болгон», - деди кызы.
Репрессияда атылган бир туугандар
«Атамдын атасы Исмаилбек уулу Кожо жана Нуркабыл билимдүү болушуптур. Ошол эле учурдагы бай-манаптар "кеңеш өкмөтүнө каршы чыгалы, басмачыларга кошулалы" дешсе, Кожо жана Нуркабыл атамдар "булардын зыяны деле тийчүдөй эмес, ашыкча мал-мүлкүбүздү өткөрүп берели, тынч эле оокат кылалы" деп макул болушпаптыр. Нуркабыл ата Алма-Атадан окуп келиптир. Бирөөсү Баетовдо, бирөөсү Кош-Дөбө тарапта айылдык катчы болуп турган кезде, кимдир бирөөлөр НКВДга "булар бай-манаптын тукумдары" деп билдирүү берип коюшуптур. 1937-жылдары Кожо ата менен Нуркабыл атабызды кармап кетишип, 1 түндө эле мал-мүлкүн алышып, экөөнү Нарынга алып барып, түрмөгө камашат. 6 бою кыйнап суракка алышып, андан кийин Нарындын Кара-Бөк (азыркы Жаңы-Жол) жагына атып салышыптыр.
Нуркабыл чоң атабыздан Жакина аттуу 1 кыз калат. Коомдук ишмер Жамин Акималиевдин эжеси. Кийинчерек Жакина эжемди дагы "кулактын кызы" деп окууга алышпай, куугунтукка алышыптыр. Атамды дагы "кулактын баласы" деп окууга кабыл алгылары келишпептир. Бирок атам билимдүү болгондуктан улам окууга кирип кеткен экен», - деди кызы Турганбүбү Орумбаева.