Turmush — Ош шаарында «Байсан» ресторанын демонтаждоо иштери башталды.
2025-жылы Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Байсан» ресторанынын ээси катары Жогорку Кеңештин мурдагы спикери жана депутаты А.К.ны атаган.
2026-жылдын май айында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы А.К. ресторандын ээси эмес экенин билдирген. Анын айтымында, объект ага «жеңе» болгон жаран А.А.га таандык.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 2026-жылдын 6-майында кырдаал боюнча комментарий берип, имаратты бузуу коомдук кызыкчылыктарды жана бардык ишкерлерге бирдей мамиле кылуу принцибин эске алуу менен жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, учурда бузуу боюнча соттун чечими жок, бирок мэрия мамлекеттик муктаждыктардын алкагында иш алып барууда.
«Буга чейин башка ишкерлердин да имараттары бузулган. Бардыгына мамиле бирдей болушу үчүн биз бул мекеменин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Компенсация төлөп берүүнү же жер тилкесин башка ылайыктуу жерге алмаштырууну сунуштаганбыз, бирок сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок», — дейт калаа башчысы.
Бул жер тилкеси коргоо зонасына жакын жайгашкан.
«Биз бул жерде аянты 10 гектардан ашкан парк курууну пландап жатабыз. Бул — мамлекеттик муктаждык. Райондун миңдеген тургундарына парк жетишпейт. Бул жерде веложолдор жана гүл борбору пайда болот», - деди мэр.
Кафенин ээлери сотко кайрылууну көздөп жатышат. Жанар Акаев муниципалитет шаардыктардын укугун соттук тартипте коргоого даяр экенин билдирди.
«Коомчулукта бизди ээлери менен сүйлөшүп алды деген сындар айтылууда. Бул андай эмес. Эч кандай көшөгө артындагы келишимдер болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн биз бешинчи имаратты бузуп жатабыз. Алардын арасында — коргоо зонасындагы Анапияевдердин объектиси, Касымбеков көчөсүндөгү май куюучу жайдын айланасындагы аймак, каналдын жээгиндеги салык кызматынын мурдагы жетекчисинин [Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын мурдагы башчысы] кафеси бар. Биз ачык иштеп жатабыз», - деп маалымдады мэр.
Калаа башчысы эгерде айрым адамдардын кызыкчылыктары шаардын өнүгүшүнө жана тургундардын муктаждыктарына карама-каршы келсе, мэрия аларга жол бербей турганын кошумчалады.
2025-жылдын август айында Ош шаарынын мэриясы Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери башталганын кабарлаган.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, курулган имараттар, анын ичинде «Эрдент» стоматологиялык клиникасы, «Байсан» рестораны жана анын жанындагы кафе мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктерге таандык.
Исанов көчөсү Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан. Дарыянын суу коргоо зонасы 50 метрди түзөт. «Эрдент» стоматологиялык клиникасы көп жылдар бою салык тармагында иштеген жаран Э.Ч.га таандык. Буга чейин имаратты бузуу талабы менен бир нече эскертүүлөр берилген, учурда анын макулдугу менен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарды бузууга киришти.
Мыйзамдын колдонуудагы талаптарына ылайык, каналдардын суу коргоо зонасы ар бир тарабынан 6 метрден 50 метрге чейинки аралыкты түзөт. Алсак, Моюн, Жаңы-Арык жана Жоо-Бас каналдарынын суу коргоо зонасы 6 метрди, ал эми Ак-Буура дарыясыныкы 50 метрди түзөт. Увам каналынын суу коргоо тилкеси (ар бир тарабынан) 30 метрге барабар.
санов көчөсү Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан. Дарыянын суу коргоо зонасы 50 метрди түзөт. «Эрдент» стоматологиялык клиникасы көп жылдар бою салык тармагында иштеген жаран Э.Ч.га таандык. Буга чейин имаратты бузуу талабы менен бир нече эскертүүлөр берилген, учурда анын макулдугу менен Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы мыйзамсыз курулуштарды бузууга киришти. Мыйзамдын колдонуудагы талаптарына ылайык, каналдардын суу коргоо зонасы ар бир тарабынан 6 метрден 50 метрге чейинки аралыкты түзөт. Алсак, Моюн, Жаңы-Арык жана Жоо-Бас каналдарынын суу коргоо зонасы 6 метрди, ал эми Ак-Буура дарыясыныкы 50 метрди түзөт. Увам каналынын суу коргоо тилкеси (ар бир тарабынан) 30 метрге барабар.
Мэриядан билдиришкендей, «Байсан» жана «Эрденттин» жанында Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Б.А.га жана анын карындашы — Жогорку Кеңештин экс-депутаты У.А.га таандык бир катар башка имараттар жайгашкан. Алар дагы Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында курулган. Аларга да эскертүүлөр берилген.
Ошондой эле, бул жерде Жогорку Кеңештин экс-спикери А.Ж.га таандык имарат жана автомектеп бар. Аларга да эскертүү берилип, ээлеринин макулдугу менен курулуштар бузулат.