Turmush — Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жеринде орнотулган «Достук» стеласы, «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты.
- 2025-жылдын 31-мартында 3 мамлекеттин президенттери онлайн форматта боордош элдердин достугун, чек ара маселелеринин жөнгө салынышын жана аймактык кызматташтыктын жаңы этабын символдоштурган стеланын ачылыш аземине катышкан.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысына 3 өлкөнүн чек ара аймагында курула турган «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын башкы планы тааныштырылды. Көрсөтүлгөн концепцияга ылайык, жалпы аянты 100 гектар болгон комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтый алат. Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Долбоор ишке ашкан учурда 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт.
Мындан тышкары, концепцияда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган. Бул маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөгө жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Мамлекет башчысы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы коңшулаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен инфраструктуралык жана экономикалык демилгелердин аймактын туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркы долбоорун ишке ашыруу үч өлкөнүн тиешелүү макулдашуусу жана тыгыз өз ара кызматташуусу менен гана мүмкүн экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров тараптардын өз ара колдоосу менен бул долбоор соода жана инвестициялар үчүн ири аянтчага айланып, Борбор Азия элдеринин тынчтыгынын, ишениминин жана биримдигинин символу болооруна ишеним билдирди.
Өлкө башчысы Кадамжай районунда бара жаткан учурда президенттин коштоосундагы автоунаалар Халмион айылындагы (азыркы Жеңиш айылы, Исхак-Полотхан айыл аймагына кирет) «Торговый» базарынын жанына токтоду. Аны жүздөгөн адамдары тосуп алышты. Садыр Жапаров чек арадагы абалды таанып-билүү үчүн Баткен облусуна келгендигин билдирди. Аны Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев коштоп жүрөт.
Шаршемби сайын «Торговый» базарында айыл чарба продуктуларынын соодасы жүрөт. Негизинен — бул Кадамжай районунун дыйкандары өстүргөн күрүч. Базар Ош—Баткен—Раззаков автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Жакын жерде кыргыз-өзбек чек арасынан өткөрмө пункту жайгашкан. Ал Өзбекстандын Риштан району менен чектешет. Башка багытта жол Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтөт.
- Буга чейин президент Садыр Жапаров Баткен облусуна келгени кабарланган.