Turmush — «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Жаркынай Кочкорова жана Өмүрбек Кочкоров. Алар 9 кыздан кийин төрөлүп, үй-бүлөсүн кубанычка бөлөгөн. Turmush басылмасынын кабарчысы эгиздердин бири Жаркынай Кочкорова менен маектешти.
Эгиздер 2005-жылдын 8-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кедей-Арык айылында төрөлгөн. Алар 11 бир тууган — 10 кыз жана 1 уул.
«Бир туугандарыбыздын аттары — Оксана, Гүлсана, Аида, Азиза, Бурулай, Экринай, Уулкан, Аймээрим, Болсунай, мен Жаркынай жана эң кичүүбүз Өмүрбек», - деди ал.
Каарманыбыз Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониядагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде эмгектенет.
«Биздин туугандар арасында да эгиздер бар. Апам бизди 42 жашында төрөгөн экен. Ал кезде азыркыдай УЗИ кеңири тараган эмес. Тогуз кыздан кийин эгиз төрөлүп, анын бири уул бала болгондо ата-энем, бир туугандарым, чоң энем абдан кубанышыптыр», - дейт ал.
Жаркынай Кочкорованын айтымында, эгизинин атын чоң энеси койгон.
«Өмүрлүү болсун, көздөн-сөздөн сактасын деп Өмүрбек деген ысымды беришиптир. Ал эми менин атымды үчүнчү эжем "жаркылдаган, жашоосу жарык, ачык болсун" деп Жаркынай койгон экен», - деди ал.
Каарманыбыздын апасы көп балалуу болгондуктан төрөлгөндөгү салмактарын так эстей албайт.
«Болжол менен 2,8-2,9 килограмм болсок керек», - деди ал күлүп.
Эгиздер бири-бирине окшошпойт.
«Аттарыбыз да уйкаш эмес. Кичинебизде деле бизди окшош кийинтишчү эмес. Себеби мүнөзүбүз, каалообуз ар башка болчу. Мен кичинемден эле ыр-бийге кызыкчумун. Короодогу койлорго ырдап, бийлеп берчүмүн. REFLEX тобунун ырларын коюп койсо, ыйлап жаткан жеримден басылып калчумун. Эгизим экөөбүз 3-4 жашыбызда жайлоодо жетелешип алып булакка кетип калчубуз», - деди ал.
Учурда эгизи Өмүрбек Жалал-Абаддагы медициналык колледждин стоматология бөлүмүндө билим алып жатат.
«Эгизим бош убактысында короо жумуштары менен алек болот. Мен болсо турмуш жолуна жаңы аттанганыма байланыштуу каникул учурунда көбүнчө үйдө болом. Ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин музыка факультетиндеги оркестр дирижёрлугу кафедрасынын 4-курс студентимин. Окуп да, иштеп да жүрөм», - деди ал.
Жаркынай Кочкорова жакында эле турмуш жолуна аттаса, эгизи үй-бүлө кура элек. Анын айтымында, кыз узатуу тою болуп, жезделеринин ар бири гүл белек кылды. Өзү окуп жаткан университеттеги мугалимге турмушка чыкты. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Аркыт айылына келин болду.
«Кыз узатуу күнүмдү дагы да көрктөндүргөн — 9 жездем жана эгизим берген гүлдөр. Гүлдөрдүн эң баалуусу — жакындарымдан келген гүлдөр. 9 жездеме жана эгизиме рахмат. Гүлдүн жыты кетет, бирок бул күндүн элеси калат. Гүлдүн саны эмес, кимден келгени маанилүү. Бирок саны дагы жаман эмес экен. Эгизим, 9 жездем бар — көңүл буруу жагынан утуп кеткем.
Келечектеги эң чоң максатыбыз — ата-энебизди сыймыктандырып, алардын эмгегинин акыбети кайткыдай жакшы адам болуу. Бир туугандарыбыз менен дайыма ынтымакта жашоо», - деди ал.