Turmush — Москва райондук соту аялына кол көтөргөн адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы анын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Карынбай (аты өзгөртүлдү Т.К.Ч.) 1989-жылы Москва районундагы айылдардын биринде туулган. Мурда соттолгон эмес, убактылуу эч жерде иштебейт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Карынбай 2025-жылдын 11-декабрында саат 11:00 чамасында айылдагы үйүндө өзүнүн 1991-жылы туулган аялы Ажарбү (аты өзгөртүлдү К.А.Н.) менен оозеки менен уруша кетип, аны башы менен бетке сүзүп, мурдун сындырып койгон.
Карынбай соттук отурумда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. 2025-жылдын 11-декабрында саат 11:00дор чамасында чай ичип үйдө отурган. Аялы Ажарбү ошол жерде столдун үстүн сүртүп жаткан. Көп өтпөй атасы эшиктен кирип келип «мага дагы бир куюм чай берип койгулачы» десе Ажарбү «сен бул жактан чай ичпейсиң, залдан отуруп ич» деген. Атасы макул деп эшикке чыгып кеткен. Кайра үйгө бут кийими менен кирип келсе «Сен чал өлбөдүң же калбадың» деп атасын эшикке сүйрөп чыккан. Ошол учурда ал жинденип, ызы-чуу болуп кетишкен. Уруш учурунда башы аялынын бет тарабына тийип кетип, ал жерге кулап түшкөн. Аны атайлап сүзгөн эмес. Бир аз убакыттан кийин ордунан туруп, залда отурган эжесине кирип, ал менен урушуп, үйдөгү буюм-тайымдардын баарын чачып, аны колуна тийген буюм менен чапкан. Колуна бычак көтөрүп, эжесине (кайын эжеси) барып, аны өлтүрөм деп коркуткан. Ал ажыратып калган. Эжелери балдарын аларга карап тургула деп таштап кеткендиктен аялынын жини келип «биз өзүнчө тынч жашайбызбы» деп ошондон улам уруш көп чыгып келген.
Соттук отурумда жабырлануучу Ажарбү да көрсөтмө берди. Ал бул күнгө чейин деле жолдошу менен урушкан күндөрү болгондугун, бирок кол көтөргөн эместигин айтты. 2025-жылдын 10-декабры күнү Бишкек шаарына ооруканага кетип, үйгө саат 11:00 чамасында келсе жолдошу «Кийим-кечектериңди жыйнап үйүңө кет. Апаң чалып үйгө жеткирип кой деп жатат» деген. «Мен эмне буюм белем, кет десең кетип кала турган? Бул үйдөн кетсем бир гана мыйзамдуу түрдө кетем» деп урушуп кетишкен. Уруш учурунда моюнунан кармап, башы менен мурдуна сүзгөндө ал эсинен танып кулап, 2-3 мүнөт өзүнө келе албай жерде жаткан. Эсине келген соң инисине чалып, алып кетишин өтүнгөн.
Иниси келгенче өзү такси менен жолго чыгып, жолдон иниси менен жолугуп, ооруканага чогуу барышкан. Ооруканадан чыккан соң Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө чалган. Карынбай менен бул окуя болгондон кийин Москва РИИБден жолуккан. Жолуккан учурда «балдарды мындан ары көрбөйсүң» деген сөздөр менен коркуткан. Азыркы учурда, ошол эле үйдө жолдошунун ата-энеси менен чогуу жашап жатат.
Кайын энеси аны үйдөн кетүүсүн талап кылып келген. Кайын энеси экөөсүнүн ортосунда дагы чыр-чатак болгон. Себеби жолдошунун 4 эжеси бар. Бардыгы ажырашып, алардын үйүнө жашоого келишкен. Алар үйгө келгенден баштап кайын энеси уруш чыгарууга аракет кыла берген. Бирок ал үйдөн кетпейт. Себеби жолдошу экөө ал үйдү 2013-жылдан баштап 2023-жылга чейин Россиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүрүп алышкан.
Үйгө кайын энеси неберелерин алып келип караган. Алар кичинекей бала болгондуктан ыйлап тынчтык бербей коюшкан. Балдары алардын ызы-чуусунан улам үйдөн качып, өзү апасынын үйүнө жашаганы кете баштаган. Азыркы учурда Карынбай менен кайра жарашып, чогуу жашоого жана тосмо арыз жазып берүүгө макул эмес.
Соттук отурумда күбө катары Карынбайдын эжеси да көрсөтмө берди. Ал күнү иниси чай ичип отурган. Бир маалда экөөнүн кыйкырышып урушуп кеткен үндөрүн уккан. Андан көп өтпөй эле атасы «мага чай бергиле» дегенде келини ага «чай ичпесеңиз балээ ичиңиз» деп сүйлөнүп баштаган. Ал атасын чай бергени үйгө ээрчитип кеткен. Бир маалда келини үйгө кирип, үйдөгү буюм-тайымдын баарын сындырып баштаган. Алар теңелбей унчуккан эмес. Анан иниси экөө эшикке чыгып, кармашып, урушуп кетишкен. Ал ортого түшүп ажыратып коёюн десе «сен унчукпа, сен сүйлөбө» деп ага асылып, экөө жакалашып кетишкен. Ал жерден экөөнү иниси бөлүштүргөн. Үйгө кирип кетсе, бир убакта келини колуна бычак көтөрүп келип, «сени өлтүрөм» деп аны коркуткан. Иниси бөлүштүрүп, Ажарбүнү эшикке алып чыгып кеткен.
Келини менен иниси урушуп жатканын көргөндүгүн, бирок иниси келинин башы менен сүзүп жибергенин, келининин мурду канаганын көргөн эмес.
Райондук соттун өкүмү:
Москва райондук соту 2026-жылдын 26-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Карынбайды Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 40 миң сом айып салды.