Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — башталгыч классты Японияда окуп, учурда Италиядагы жогорку окуу жайда билим алып жаткан Жылдыз Шекербекова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Жылдыз Шекербекова 2006-жылы 15-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын айтымында, бала кезинен эле чет өлкөдө билим алууну кыялданчу.
«Билимкана» жапон мектебинде окуп, 2024-жылы бүтүрдүм. Бала кезимден бери чет өлкөдө окуйм деп кыялданчумун. Жашоомдо мүмкүн болушунча көп өлкөлөргө баруу менин максатым болчу. Ата-энем мени башынан аягына чейин колдошту.
Азыр мен Болонья университетинин финансы жана бизнес менеджмент факультетинде, Римини кампусунда акысыз окуйм. Ал эми Япониянын Ниигата шаарында 1-2-класста окугам. Жапонияда башталгыч класста окуган кезимде буларды байкадым жана билдим. Ал жактагы окутуу ыкмасы биз көнгөн системадан абдан айырмаланат. Бишкекте окуу бир топ катуураак, талаптар жогору, жоопкерчилик көп, үй тапшырмасы да абдан көп берилет. Ошондуктан окуу көбүнчө оор жүк сыяктуу сезилет.
Жапонияда болсо балдарга андай көп басым жасалбайт. Тескерисинче, балалыктын өзүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Бизди көп учурда парктарга алып барышчу, пикникке чыгарышчу, кыймылдап, активдүү ойноого шарт түзүшчү. Окуу жылынын ичинде да мезгилге жараша ар кандай иш-чаралар өтчү: жайында мектептин бассейнинде сууда сүзүүнү үйрөнсөк, кышында лыжа тээп үйрөнчүбүз. Мындан тышкары, биринчи класстын окуучулары үчүн атайын ийрим бар эле анда велосипед тебүүнү жана жол эрежелерин үйрөтүшчү.
Менин оюмча, алардын ал жердеги окутуу ыкмасы биздин балдарды окутуу системабыздан жогору», - деди каарманыбыз.
Жылдыз Шекербекова англис, япон, кыргыз, орус тилинде эркин сүйлөй алат.
«Азыр италия тилин окуп жатам. Мага италиялыктардын тамактары абдан жагат. Баары интернеттен көргөнүмдөй жана абдан даамдуу. Италиялыктар кофени жакшы көрүшөт, ошондуктан ар бир бурчта кофе машинасы жана кофекана бар. Италияда студенттерге жатакана сейрек берилет. Ошондуктан мен бул жерде университеттин жанынан батирден бөлмөнү ижарага алып, жашап жатам. Бул жакта ижара кымбат турат. Бир эле бөлмөгө эң аз 400 евро алышат.
Стипендия беришет, анткени мен грантты утуп алдым. Кудайга шүгүр, баарына жетет. Өзүм деле кичине иштей коем, досторума маникюр кылып берем. Бир айга жашоомо 600-700 евро кетет. Бөлмөгө ижара акы катары 400 евро, коммуналдык чыгымдар жана тамак-ашка 100-130 евро сарптайм. Ал эми транспорт менен дээрлик жүрбөйм, анткени жакын жашайм», - деди ал.
Мекендештин айтымында, окууда кыйынчылыктар да бар.
«Чынын айтсам, Италия менен Кыргызстанда окуунун айырмасы абдан чоң экен. Кыргызстанда мугалимдер сени сабакка катыштырат, активдүү болсоң автоматтык баа аласың. Бул бир жагынан жакшы, анткени процесс бою баалоо болот. Италияда болсо баары бир тестке байланыштуу. Сабакка бардыңбы же жокпу эч кимге маанилүү эмес. Эркиндик көп, бирок жооптуулук да өзүңдө.
Мен чет элдиктигим үчүн жүк эки эсе оор. Тилди да, материалды да бир эле учурда түшүнүшүң керек. Бул жөнөкөй иш эмес. Бул жерде үй тапшырмасын бербегенине жана биз өзүбүзгө ыңгайлуу болгон учурда сабактан чыга ала турганыбызга таң калдым.
Бул жердеги ар бир адам ар башка, ачык жана уялчаак эмес деген мааниде абдан эркин өлкө. Мен көчөдө адамдардын ырдап, концерттерди уюштуруп жатканын көп көрөм. Мен окууган окуу жай Рим шаарында жайгашкан жана коомдук китепканалар абдан кооз, чоң. Китептин түрлөрү көп.
Абдан кыйын болсо да, ар дайым бир нерсени үйрөнүүгө болорун түшүндүм. Окуучуларга кеңеш айтат элем: англис тилин көп үйрөнүңүз жана өзүңүзгө ишениңиз. 5 жыл талап кылынса да, эч качан баш тартпаңыз», - деди ал.