Turmush — Бишкек шаарында кикбоксинг боюнча республикалык (эл аралык) турнир болуп өттү.
Аталган мелдешке Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти, спортчу Аббос Кадиров активдүү катышып, атаандаштарын артта калтырып, 1-орунду жеңип алды.
«Бул ийгилик студенттин спортко болгон жигердүү аракети жана талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.