Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он төртүнчү каарманы — Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбаар айылынын тургуну Бибинур Жанибекова.
Ак алтынга үстү бай, кара алтынга асты бай айтылуу Араван районунун кызы болом. Араван району Ош облусунун түндүк батышында жайгашып, түндүгүнөн Өзбекстан, түштүгүнөн Ноокат району, чыгышынан Кара-Суу району менен чектешет. Калкынын саны 152 миң 400гө чукулдап калды, жерибиздин аянты – 1259 км2.
Араван району Кыргызстандагы эң ысык жана берекеге, токчулукка, мөмө-жемиштер менен абаны аңкыткан жылына 2 эмес, 3 жолу түшүм алган бир өзгөчө райондонмун десем болот. Араван дегенде эң алгач баарыбыз ак алтыны (пахта) менен тааныйбыз. Дал ушул ак алтыны менен бир гана Кыргызстанды эмес, 14 мамлекетти (Союз учурунда) камсыздап турган. Араван районунда 6 айыл өкмөт, 50 айыл бар. Араван району 1935-жылы уюшулган. Өткөн жылы — 2025-жылы 90 жылдык мааракесин дүңгүрөтө өткөрдүк.
Араван аталышы эмнени түшүндүрөт?
«Араван» сөзү фарс тилинен алынган. Түздөн-түз которгондо «об» (آب) — суу, «равон» (روان) — агып жаткан, «об-равон» — агып жаткан суу, булак, агын суу дегенди билдирет. Чынында эле биздин жер дыйканчылыкка, сугатка абдан ылайыктуу. «Аравандын ак сайы, агып кетти калпагым» дегенди угуп калсаңыздар керек. Анын сыңары бизде ак сайыбыз бар. Ушул сайдын жардамы менен көпчүлүк баба дыйкандарыбыз жер-жемиштерин, чарбачылыгын өстүрүшөт.
Өлкө боюнча жери эң кичинекей район
Өлкө боюнча жери эң кичинекей район болуп эсептелебиз. Илгери Ноокат менен Араван бир район болгон экен. Ноокат районуна караганбыз. Анан 1935-жылдары Араван району өзүнчө район болгон. Жалпысынан 6 айыл аймак бар, алардын ар биринин маданият үйү, китепканалары жана башкалар. Чакан болсо да, жакшы жашоодо өмүр сүрүп келишет.
Күндүн ысыгы 48 радуска чейин жетет
Климатыбыз чынында ысык. Жайкысын 48 радуска чейин жетет. Бирок бул градуска биздин эл бышып көнгөн. Ушундай ысыкта талаада иштерин кылып жүрө берет, "ай күн тийип кетти, ысык өттү" дебестен, ушул нерсеге биздин организмибиз да конуп калганбы дейм. Күндүн ысыгында көлөкө издеп качпай, каркыраган жер болсо да, конуп калганбыз. Өзбекстанга жакынбыз, Өзбекстанда бышкан жер-жемиштер бизде да бышат. Андан керек болсо көбүрөөк мөмө-жемиштер бышат.
Эрши шаары азыркы биздин Араван району болгон
Демек Араван району (Эрши шаары) Даван өлкөсүнүн борбору болгон, гүлдөп өскөн, аргымактары менен таанылган. «Дул-дул-ат» деген тообуз бар. Бул ошол Даван мамлекетинин асыл тукумдуу, өтө күлүк, абдан бийик секирген. Муну менен катар бул аттарды "асман аттары" деп да атап коюшкан. Бул аттардын мойну койкойгон, буттары ичке, көздүн жосун алган, жеңил-жеңил секирип, күлүктүгү менен өзгөчөлөнгөн аттар болгон экен. Азыр ошол биздин «Дул-дул-ат» деген ыйык жерибиз бар. Дул дул аттын сүрөтү биздин «Дул-дул-ат» деген жердеги ташка чегилгенби, же Давань мамлекетинин эли тартып кеткенби, азырынча так маалымат жок. 1960-1970-жылдары атеисттик маал күчөп жаткан кезде дул-дул аттын ташка чегилген сүрөтүн өчүргөнгө аракет кылышат. Бирок бул жараткандын кудуретиби, бүгүн өчүрсө, эртең кайра пайда болуп кала берет экен. Араванга барып көрсөңүздөр, ташка чегилген дул-дул аттар кулуну менен турат.
«Дул-дул-ат» деген жердин борунда булак бар. Булактан жайдын 15-гана күнүндө суу агат. Ал сууну ичсен же суу менен жуусаң, тери ооруларынын бардыгына шыпаа. «Дул-дул-ат» деген жерде жайнамаз ташы бар. Намаз окуу учурунда жайнамазга эки тизебиз жана чекебиз тиет эмеспи, ошол таштын үч оюлган жери бар. НАмаз окуй берсек, жайнамазга деле из тушуп калат эмеспи, ошол ташка да из тушуп калган. Бул Жараткандын бизге берген чоң керемети. Бүгүнкү күнгө чейин чет олколуктор да кызыгышып, саякаттап келишет. Бул да болсо, районубуздун чоң бир сыймыгы, тарыхый мурасыбыз. Азыркы убакта ошол жерди онуктуруп, айланасын кооздогонго аракет кылып жатабыз.
Аравандан чыккан атактуулар
«Ак эмгеги бүт ааламга тараган, баатыры көп кең пейилдүү Араван» деген сөз бар. Бизден чыккан атактууларды атай кетейин. Бир гана Араван районунун атын эмес, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, желегин желбиреткен балбаныбыз Акжол Махмудов. Азиянын 4 жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш, коло медалдарынын ээси Акжол Махмудов Араван районунан чыккан. Мунун сыймыктануу менен кошуп кетейин. Бул жигит дагы биздин Чек-Абад айылында төрөлүп, бала чагы ушул айылда өткөн.
Негизи Акжолдой балбандар бир кылымда бир жаралабы, биздин Араван районуна ушундай балбан чыкканына абдан суйунобуз да. Себеби дегенде Араван районунда кимдер жашайт? Өзбектер жашайт. Ал жакта кыргыздар жок. Кимиңер менен мактана аласыңар дегенде, Акжол Махмудов деп эле дароо айтабыз, ооузубуздан биринчи чыккан сөзүбүз ошол.
Көпчүлүгү бизди озбектешип кеткенсинер, кыздарыбыз болсо көзү-каштары кара. "Сен деле аралашмасың да" деп калышат, жок, ал жакта таза кандуу кыргыздар бар. Анан дагы "мен сенден Аравандын диалектисин укпай жатам го" дешет. Жок, биз деле нукура кыргызча сүйлөп, тилибиздин баалуулугун сактап келебиз.
Араван районунда дагы бир өзгөчө инсан бар. Гиннес рекорддор китебине кирген. Ал эмне кылып кирген? Бизде таштуу жер дебедимби. Ал эң алгачкылардан болуп, дүйнө жүзүнө биринчилерден таш кесүү аппаратын ойлоп тапкан. Бул аппараты дүйнөгө таанылып, андан кийин таш кесип, металлдарды колдонуп келишет. Бул дагы биздин профессор, баатыр, сыймыктанчу инсаныбыз — Мамасаидов Мухаммаджан Ташалиевич. Азыркы тапта 76 жашта. Ош облусунун Араван районундагы айылда жашаган жалгыз профессор десем да болот.
Бизде 8 баатыр деп коет. 8 баатыр — 4 аял, 4 мырзалар болгон. Алар эң алгачкылардан болуп, эгин талаага керектелүүчү механикалык транспортторду алып келген инсандар болгон. Кобурөөк чарбачылыкка маани беришкен. Алля Анаров деген биздин сыймыктуу инсаныбыз бар. Ал көбүрөөк биздин дыйканчылыка басым жасаган. Учурда анын атын алып жүргөн Алля Анаров айыл өкмөтү бар.
Кыздары карьера эмес, үй-бүлөнү тандашат
Биздин кыздарды ийгиликтүү болуп, карьера куруп, дагы бир акча табууга же чет өлкөгө окуууга чыгууга эмес, үй-бүлөлүк шартка көнүп, бактылуу аял болууга тарбиялашат экен. Бизди көбүрөөк үй тиричилигине, жакшы апа болууга, жакшы бир үйдүн коломтонун отун өчүрбөй аябай намыстуу кылып тарбиялап чоңойтушат экен. Араван районунун кыздары ушунчалык жароокер, эч кандай бир мансапты, бийликти көздөшпөйт, жөнөкөй эле жупуну жашоодо да шарты болбосо дагы, ысык жерлерде, айыл кыштактарда да жашаганга абдан чыдамдуу кыздар экен. Чыдамкайлыгы, сабырдуулугу, аруулугу, жөнөкөйлүгү менен Аравандын кыздары менен сыймыктанам. Бизди ата-энебиз бактылуу болууга тарбиялашат экен. Аравандын кыздары башка райондун кыздарына салыштырмалуу эрте турмушка беришет экен. "Үй-бүлөдөн кеч калбагыла, бала тарбиялоодон кеч калбагыла" деп, бир үйдүн ханышасы катары тарбиялаганга аракет кылышат экен. Биздин кыздар тиричиликке тың, ысык-сукка чыдамдуу, кандай учур болбосун үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылат. Балыгына, мансабына деле карабайт экенбиз. Калыңыбыз деле аз, мынча калың алам деген деле ой жок бизде. Анткени кадыр баркыбыз акча менен ченелбейт. Азыркы тапта кыздардын калыңы 800 миң сом болуп жатыптыр, бизде болсо 300 миң -400 миң сомго чейин. Барган жерине жараша, мисалы Алай районуна келин бол турган болсо, алар көбүрөөк беришет. Ал эми өзүбүздүн эле ичинде Аравандын мырзасы Аравандын кызына үйлөнсө, анда аз эле. Негизгиси калың эмес бактылуу болсо, жакшы ниет менен беришет экен. Биздин кыздарыбыздын байлыкка кызыкпаганын ушул жерден байкасак болот экен. Биздин кыздарга кандай мактоолорду айтсам да жарашат.
Кыргыз-өзбек алакасы
Биз кыргыздар бир аз сабырсызыраак келет эмеспизби, баары бат болуусун каалап, тезирээк тамактын бышышын, же болбосо маршруткабыздын келишин дегендей. Тез жашаганга көнгөнбүз да. Ал эми Өзбек улутундагы адамдар андай эмес. Эч жакка шашышпайт, баары убагы келгенде болот дешет. Биз озбек туугандардан сабырдуулукту жана сылык тилде суйлогонду уйрондук го дейм. Себеби озбектер абдан сылык болушат. "Шакарим, асалим" деп эле жан дуйнобуз го кирип кетет да. Биз Араван районунун тургундары озбек туугандардын ушул нерселерди уйрондук — сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана жакшы сылык мамиледе болууга. Ал эми биз бир аз корсураак келебиз, дароо бетке айтып салабыз. Ошол нерсе жоюлду. Ал эми өзбек улутундагыларга чынчылдыгыбыз, калыстыгыбыз менен үлгү боло алдык. Айрым учурда жалган суйлөөгө туура келип калат. Бирок биздин чынчылдыгыбызды баса белгилешет, анан жоопкерчиликтүүсүңөр дешет. Ушул жоопкерчиликтүү сыпатыбыз менен каада-салтыбызды темирдей катуу кармаганыбызды баалашат.
Өзбек улутундагы жарандарды «алтын шилекей» деп коёбуз. Алардын чынында тили ширин. Андыктан биздин Араван районуна келип калсаныз, эч кандай ачуунузга тие турган же көңүлүңүздү үшүтө турган сөз айта алышпайт. Айткысы келсе дагы өздөрүн кармап, ичке жутуп коюшат. Ошонусу менен кыргыз-өзбек жуурулуштук окшойт.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова
12. Тогуз-Торо районунун кызы — Мадина Алтымышова
13. Тоң районунун кызы — Айжан Бактыбекова
14. Чоң-Алай районунун кызы — Миргүл Рахманалиева
15. Араван районунун кызы — Бибинур Жанибекова