Turmush — «Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — 5 жаштагы Лионель Абдыталыпов. Анын апасы Акбермет Сүйүмбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде уулуна өзгөчө ысымды ким ыйгарганын айтып берди.
Акбермет Сүйүмбаева 1996-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Учурда үй-бүлөсү менен Ош шаарында жашайт. Улуу баласынын аты Лионель Абдыталыпов, учурда 5 жашта. Ал эми кичүү уулу Амантур 3 айлык.
«Лионель деген атты уулума чоң атасы койгон. "Чоңойгондо Европада окуйт, Мессидей ааламга атагы тараган жигит болсун" деген жакшы ниет менен ушул атты тандаган экен. Кийин маанисин сураштырып көрсөк, "жаш арстан" дегенди түшүндүрөрүн билдик.
Башында бул атты укканда баары каршы болушкан. Кайненем, кайын сиңдилерим "башка эле ат коелу" дешкен. Бирок жолдошум "атам кайсы атты коем десе, ошол ат болот" деп туруп алган. Ошентип, бир-эки жума талаш болуп, балам атсыз эле жүргөн күндөр болгон.
Чынын айтсам, мен дагы башында Лионель деп көнө албай, бир айга чейин "балам, балам" деп эле чакырып жүрдүм. Анан акырындан үйрөнүп кеттим. Азыр болсо уулумдун атын укканда таң калбаган адамды көрө элекмин. "Атың ким?" дешсе, "Лионель" дейбиз. Анан эле "ким-ким?" деп кайра сурашат. Айрыкча аэропортто же ооруканага барганда аты-жөнүн окуп калышса, дароо "оо, Месси го" деп жылмайып калышат.
Кээ бирлер "атасы чет өлкөлүкпү?" деп дагы сурашат. Ушул 5 жыл ичинде баламдын аты көпчүлүктүн эсинде калган өзгөчө ат болуп калды окшойт», - деди ал.
Лионель сүрөт тартканды абдан жакшы көрөт. Ошондой эле сууда сүзүүгө кызыгат.
«Жашы жетип калса, сууда сүзүү ийримине берели деп жатабыз. Келечекте спорттун бир түрүнө берүүнү пландап жүрөбүз. Баары өзүнүн жөндөмүнө жараша болот деп ойлойбуз», - деди Акбермет Сүйүмбаева.