Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Германиянын Ольденбург шаарында жашап, окуп жаткан Ясмина Исламбекова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Ясмина Исламбекова 2003-жылдын 20-августунда Түркиянын Анкара шаарында төрөлгөн.
«Тегим боюнча Ош облусунун Ноокат районунан болом. Бирок Бишкекте чоңойдум. Биздин үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз: эки улуу эжем, мен жана иним. Улуу эжем 32 жашта, көп жылдан бери Данияда үй-бүлөсү менен жашайт. Экинчи эжем 28 жашта, стоматолог болуп иштеп, Кыргызстанда жашайт. Кичүү иним 11 жашта, ал Кыргызстанда. Ата-энем экөө тең аскер кызматкери болгондуктан биз көп көчүп жашачубуз», - деди ал.
Каарманыбыз 2022-жылдын август айында чет өлкөгө сапар алган. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетинин 2-курсун бүткөндөн кийин Германиянын Ольденбург шаарына көчүп келген.
«Ольденбург Германиянын түндүгүндө, Бремен шаарына жакын жайгашкан кичинекей шаар. «Бремен музыканттары» жана Гамбург менен белгилүү. Мен Кыргызстандагы үй-бүлөмдү, окуумду, досторумду — баарын калтырып, Германияда баарын жаңыдан баштап, окуп, Европада карьера куруу максатында келдим», - деди ал.
Ясмина Исламбекова Европанын 7 өлкөсүнө саякаттап келгенин, алдыда дагы көп өлкөлөрдү көрүү планында бар экенин айтат.
«Бош убактымда көп саякаттайм. Европа боюнча 7 өлкөгө бардым: Польша, Франция, Австрия, Дания, Словакия, Венгрия, Германия. Шаарлардын санын да эстей албайм. Жакынкы пландарымда Азия боюнча саякаттоо бар.
Германияда медайым болуу үчүн 3-курста окуп жатам. Кудай буюрса июль айында окуп бүтүрөм. Ольденбург шаарында борборго жакын студияда жашайм. Практика өтүп жаткан ооруканага велосипед менен 5 мүнөттө жетем. Ольденбургда баары жакын жайгашканы абдан жагат жана өзүмдүн кичинекей, жайлуу студиямды жакшы көрөм. Баары өзүмө тиешелүү, эч ким менен ванна же ашкананы бөлүшпөйм», - деди ал.
Ал эки өлкөнүн айырмачылыктарын айтып берди.
«Германия Кыргызстанга салыштырмалуу көп жагынан айырмаланат. Бул жерде мен эркиндикти сезем: сөз эркиндиги бар, каалагандай кийинип, өзүңдү эркин билдире аласың. Бул жерде креативдүүлүк жана эмгек жогору бааланат. Адамдар башында муздак көрүнгөнү менен башкалардын чек араларын урматташат, жардам берүүгө даяр жана ишенимдүү. Бул менин 4 жылдык тажрыйбамдагы байкоом. Мисалы, чачтарачтар эң жөнөкөй чач кыркуу үчүн 50 евродон баштап алышат, ошондуктан көптөр салонго бат-бат барбайт.
Ошондой эле бул жерде өзүмдү коопсузураак сезем: түнкүсүн да коркпой көчөдө жүрө алам. Албетте, идеалдуу өлкө жок, бирок Германияда адамдар мыйзамдан коркушат. Ошондуктан кылмыштуулук азыраак. Мен немистерди жана алардын маданиятын абдан жактырып калдым. Жаштар саясатка активдүү катышат: демонстрацияларга чыгышат, добуш беришет. Саясатты мектептен окушат, ошондой эле сексуалдык билим берүү да бар.
Бул жерде диндер көп. Көпчүлүк немистер католиктер, евангелисттер же атеисттер. Ата-энелер балдарына өз динин таңуулашпайт, ошондуктан жаштар көбүнчө агностик же атеист болуп калышат. Немистер башка маданияттарды урматтап, ар кайсы өлкөлөрдүн тамак-аштары сунушталган фестивалдарды өткөрүшөт: Африка, Кытай, Польша, Россия, Афганистан жана башка.
Кызыктуу факт: немистер боткону десерт катары жешет, анткени ал таттуу. Бул мени абдан таң калтырды, анткени Кыргызстанда биз аны көбүнчө эртең менен жейбиз. Бул жерде чет өлкөлүктөр көп. Бул албетте жакшы, интеграция, ар түрдүүлүк, бирок кээ бир шаарларда жергиликтүү немистерди аз көрөсүң. Бул Германиянын саясаты жана тарыхы менен байланыштуу. Алар өз тарыхын ачык талкуулашат, мектептерде да бул тема тыюу салынган эмес. Бирок бул жерде чыныгы немис досторду табуу оңой эмес: алар бир аз жабык болушат жана ишеним жаратуу үчүн убакыт керек. Башында жалгыздык сезими болгон», - деди ал.
Мекендеш ийгиликтери жана максаттары менен бөлүштү.
«Чоң сыйлыктарга жеттим деп айта албайм. Бирок мен өз максаттарыма акырындык менен жетип жатам. Бир жыл ичинде немис тилин А1ден С1 деңгээлине чейин үйрөндүм, медициналык колледжге өттүм, Erasmus Plus программасы аркылуу Австрияда неврология бөлүмүндө практикадан өттүм. Жакында Германиядагы медициналык университеттерге кышкы семестрге документтерди тапшырдым. Кээ бирөөлөр үчүн кичинекей жетишкендиктер мен үчүн чоң, анткени бул жол оңой болгон жок. Мен өзүм менен сыймыктанам.
Азыркы негизги максатым — медайымдык окуумду бүтүрүп, медициналык университетке өтүү. Бул абдан кыйын максат, айрыкча чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн. Бирок мен жакшыга ишенем жана колумдан келгендин баарын жасап жатам. Хоббилерим: укулеле (гавай гитарасы) чертем, ырдайм, социалдык тармактарда баракчаларымды жүргүзөм. Анда Германиядагы интеграция жолум тууралуу айтып, окуу, саякат жана жеке жашоо боюнча кеңештеримди бөлүшөм. Ошондой эле немис жигити менен болгон мамилем тууралуу да айтып берем. Андан тышкары, спорт залга барам, стретчингди жакшы көрөм, кээде даамдуу тамактар, эртең мененки тамактарды даярдайм жана күндөлүк жазам», - деди ал.
Анын айтымында, окууда саат 08:00дөн саат 15:00гө чейин болот. Бир сабак 1,5 саатка созулат, андан кийин 15 мүнөт тыныгуу болот.
«Практика фазасында да күнүнө 8 сааттай практика өтөбүз. Албетте, окуу учурунда биз дем алыш күндөрү эс алабыз. Ал эми ооруканада практика учурунда жумуш графигине жараша, көп учурда дем алыш күндөрү, кээде майрам күндөрү да иштөөгө туура келет.
Германиядагы окутуу ыкмасы мага абдан жагат. Алар эң негиздеринен баштап маалыматты жаттап алууга эмес, түшүнүүгө басым жасашат. Экзамендерди болжол менен ар 2 ай сайын өтөбүз, өтүлгөн темалар боюнча.
Жашаган өлкөгө, жаңы тилге жана жаңы маданиятка көнүү үчүн мага болжол менен 1,5 жыл убакыт керек болду. Азыр Германияда дээрлик 4 жылдан бери жашап, өзүмдү жакшы интеграцияланган сезем. Жакында мени Ольденбург шаарындагы музейге интервьюга чакырышкан. Анда мен миграция таржымалым, Кыргызстан, биздин керемет жаратылышыбыз, меймандос элибиз жана маданиятыбыз тууралуу да айтып бердим», - деди ал.