Turmush — Каракол шаардык мэриясында Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери ортосунда расмий жолугушуу болуп өттү.
Мэриянын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар Каракол шаарын мындан ары өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Өзгөчө шаардык инфраструктураны модернизациялоо, инвестиция тартуу, туризм тармагын өнүктүрүү жана социалдык долбоорлорду ишке киргизүү маселелерине басым жасалды.
«Элчи Лесли Вигери Каракол шаарында акыркы жылдары байкалган оң өзгөрүүлөрдү өзгөчө белгилеп, жаңы курулуштардын көбөйүшү жана шаардык инфраструктуранын жаңыланып жатышы шаардын туруктуу өнүгүүсүн айгинелеп турганын билдирди. Анын айтымында, мындай динамика Караколдун инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун арттырып, келечекте эл аралык деңгээлде атаандашууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле элчи Ысык-Көл аймагынын жаратылышынын өзгөчө кооздугуна жана Каракол шаарынын уникалдуу атмосферасына жогору баа берип, бул факторлор шаарды туристтер үчүн абдан кызыктуу багытка айландырарын белгиледи.
Өз кезегинде шаар мэри Талантбек Иманов элчинин сапарына ыраазычылык билдирип, Каракол шаары чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин баса белгиледи. Ал шаарды туруктуу өнүктүрүү багытында жаңы демилгелерди колдоого, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана эл аралык кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара байланыштарды бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдиришти», - деп айтылат мэриянын маалыматында.