Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын кезектеги каарманы — Сузак районунун Миң-Өрүк айылынан чыккан баатыр, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, маркум Сапарбай Каратаев. Ал жөнүндө анын небереси, публицист Кайрат Искендеров баяндап берди.
Сапарбай Каратаев 1914-жылы Сузак районунун Таштак (азыркы Барпы айыл аймагынын Миң-Өрүк) айылында туулган. Чоң атамды 1930-жылы 17 жашында Таштак айылындагы каңды уруусундагы молдо Үсөндүн 16 жаштагы кызы Кайрыкан апама ошол убактагы салт боюнча эрте үйлөнтүп коюшкан экен. Алар согушка чейин алар 6 балалуу болушат. Алардан экөө калып, калгандары оорудан улам чарчап калат.
Биз чоң атабыз менен сыймыктанабыз. Ал киши баарыбызга тынчтыкты алып келген Советтик армиянын тайманбас баатыр жоокерлеринин катарында согушкан адам болгон. Кан майданда жасаган кызматтарына «Кенигсбергди бошоткондугу үчүн», «Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Жеңиштин 20 жылдык» юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Согуштан келгенден кийин дагы колхозго иштеп баштайт. Ошол учурда «Большевик», «Интернат», «Орджоникидзе» аттуу чакан колхоздордун пахта, жүгөрү, буудай талааларында эмгектениптир. Чоң атам балдарынан эми гана сый-көрүп калган мезгилде согуштан алган жаракаттарынан улам ооруп жүрүп, 1967-жылы 15-январда эр ортону элүүдөн эми өткөндө өмүр менен кош айтышкан экен.
Мен ал кишини көрбөй калдым. Дүйнөдөн өткөндөн 7 жылдан кийин, тактап айтканда 1974-жылы төрөлүптүрмүн. Ал эми чоң энем Кайрыкандын тарбиясын көрүп, насаат сөздөрүн угуп калдым. Бала чагымда мага өрүк как, алма, буудай талкандарды берер эле. Өтө токтоо, сабырдуу, күчтүү жана чыйрак аял болчу. Уулдарын өзү жалгыз өстүрдү. Элден кем кылбай үйлөнтүп-жайлантып дегендей. Аларга мыкты тарбия берип, баарын окутту. Уулдарынын урматын, келиндеринин кызматын, неберелеринин сыйын, аз болсо да көрүп калды. Чоң энем 1988-жылы 7-октябрда 74 жашында кокустан келген оорудан көзү өтүп кетти.
Кенигсбергди бошотуу
- Чоң атам 1941-жылы фашисттик Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин эле 1939-жылы аскерге кетип, Россиянын бир аймагында кызмат кылат. Кайсы жеринде экендиги эсимде жок. Аскерде кызмат кылып жүргөн кезинде согушка катышуу үчүн аскер түзүмүнө кошулат. Алгач, Ленинград фронтундагы аткычтар дивизиясында согушуп жүрүп, кычыраган кыштын чилдесинде бутуна ок тийип, жарадар болуптур. Санитарлар кечигип, бир бутун үшүк алып кетет. Госпиталга оор абалда жеткирилип, узак убакыт дарыланат. Айыгып чыккандан кийин, кайрадан согушка жөнөтүлөт. «4 жолу жарадар болдум» деп айтар эле. Советтик аскерлер немистер басып алган айыл-кыштактарды бошотуп олтуруп, 1945-жылы апрель айынын башында батыштагы эски шаарлардын бири Кенигсбергди (азыркы Калининград) бошотууга катышкандыгын айткан. Ал учурда Белоруссиялык фронттун аскерлеринин катарында болгон экен. Ошондо башынан катуу контузия алып калат. Сол ыптасын снаряддын осколкасы тешип өтүп, 2 кулагы жакшы укпай, эс-учунан танган бойдон, дагы госпиталга түшөт. Өзүн жоготкондон кийин узакта көзүн ачкандыгын, көпкө дарыланганын, ошол согушта орус дарыгерлеринин боорукердигин, жакшы карагандыгын айтып бериптир.
Согушта айылдашына жолугуу
- Чоң атам госпиталдан чыккандан кийин, 1944-жылдын күз айларында, ал кезде немистер артка чегинип, артка чегинген душмандарды артынан сая түшүп, кубалап бара жаткан мезгилде батыш жактагы согуш майданынан өзүнүн аталаш тууганы, айылдаш абасы Кабыл Салимбаевди жолуктуруп калат. Согуштагы тыныгуу убагында тапшырма менен бара жатып, азият түспөлүндөгү бир жоокер эт устукундап отурганын байкап калыптыр. Жакындап барып караса Кабыл абасы экен. Көрсө снаряд тийип, жарадар болгон жылкыны союп, жиликтеп жаткан экен. Экөө бири-бирин карап, ишенип-ишенишпей, көздөрүнө жаш алып, кучакташып калышат. Ал-акыбал сурашып, чер жазыша сүйлөшүп отурушканда, чоң атам «эй аба, ушу жерде дагы эт даңгене (устукундап) кылып жүрөсүзбү» деп тамашалаган экен. Анткени Кабыл абасы айылда элге мал союп, насыяга эт таратып, кыйын кезеңде элге шорпо берип турчу экен.
Ошентип, убакыт бүтүп, атам кайта турган болгондо «ала кет» деп чоң бир бөлүк этти баштыкка салып чоң атама бериптир. «Кудайым бизге амандык берсин. Душманды жеңип кайталык. Бирок бул апаатта ким бар, ким жок. Кокус бирөөбүз курман болуп калсак, аман калганыбыз көрүшкөнүбүздү айта баралы» деп коштошушат. Бирок ошол боюнча алар жолугушпаптыр. Согуш бүткөн соң экөө кудайдын буйругу менен аман-соо келишкенден кийин, кубанычтары коюндарына батпай, жүз көрүшүшкөн экен.
Мекенге кайтуу
- Кээде чоң атамдан согуш жөнүндө сурашканда «эч ким андай согушту көрбөсүн балам, анын эмне кереги бар» деп айтчу эмес экен. Анан айрым убактарда көңүлү келгенде айтпаса, ачылып сүйлөчү эмес дейт. Оорукчан болуп, аксап, араң жан болуп келиптир. Ал мезгилде курсак ашка тойбогон, согуш десе эт-жүрөгү зырп эткен адамдар согуштан кайткандардын аман келгенине кубанышчу тура. Кан майдан тууралуу сураштан көптөр батынып сурай алышпаса керек. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн «Сталиндин алкыш» баракчасы, дагы бир медаль менен сыйланат. Бирок баарын контузинын кесепетинен жоготот. Госпиталдан айыгып чыкканы менен, майып болуп калат.
1945-жылдын 9-май күнү Германия жеңилгенин мойнуна алат. Согуш аяктаганда буларды Аскер башкармалыгы согуш апаатынан кыйраган айыл-кыштактарды, шаарларды куруу, немистик туткундарды кайтаруу сыяктуу жумуштарга алып калат. Убагы келип, атама үйүнө кайтууга уруксат берилет. Эшалон поездде келип, Жалал-Абад шаарынын темир жол станциядан түшүп, адыр ашып, айылына сылтып басып, жөө келет. Арыктап, өңдөн азган атамды Каракөз чоң энем, Сатар абам, Акмат, Касым акемдер жана айылдаштары кубануу менен тосуп алышат. Укканыма караганда, бул 1947-жылдын жаз айларында келиптир.
Согуш жолу
- Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивинде жазылган маалыматтар боюнча, чоң атам Сапарбай Каратаевдин кайсы жерлерде согушта болгондугу так жазылган. 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына кызматка чакыртылып, андан ары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан экен. Кең Россиянын айыл-шаарларынан тартып Прибалтикада, Европанын мамлекеттеринде да салгылашууларды башынан өткөргөндүгү белгилүү болду. 1942-жылдын 4-августунда Воронеж шаарынан баштап согушкандыгы, 1942-жылдын 30-июлунан ушул эле жылдын 28-ноябрь күнүнө чейин Сталинград (азыркы Волгоград) шаарына жакын Привольный деген жерде согушкандыгы тууралуу жазуулар сакталып турат. Белгород шаарына 1943-жылдын 30-март күнү келишет. 1943-жылдын 21-сентябрь күнү Украинанын Канев суу сактагычынан кеме менен сүзүп өтүшүп, 28-сентябрь күнү Великий Букрин деген жерге, 1944-жылдын 6-август күнү Старый аттуу шаарына киришет. Октябрь айында Чехословакия өлкөсүн аралап өтүшүп, 1945-жылдын 3-май күнү Гаулище шаарында согушту жыйынтыкташкан. Чехословакиянын аймагында жүргөндө, тагырагы 1945-жылдын 1-январь күнү полктон чыккандыгы тууралуу архивдеги жазуу айтат. Себеби ошол мезгилдерде жарадар болуп госпиталга жатып калып, айыгып чыккан соң, Латвия тарапка жөнөтүлүшү мүмкүн. 51-аткычтар дивизиясынын 287-аткычтар полкунун согуш учурундагы күжүрмөн 1943-жылдын 7-декабрь күнүнөн 1945-жылдын 7-августка чейинки жылдар аралыгында болгон. Бул полк 1943-жылдын 7-декабрь күнү Вязьма шаарынан жөнөп, 1943-жылдын 30-август күнү Великие Луки шаарына келишкен. 1944-жылдын 8-сентябрь күнү Латвиянын Церауксте шаарына киришкен. Андан ары Латвияны аралап жүрүп отурушуп, 1945-жылдын 7-февраль күнү Элк шаарында согушту жыйынтыкташат.
Жарадар жоокер
Согуш жолу деген жеринде, денесинен 4 жолу жаракат алып, госпиталдарга жатып чыккандыгы тууралуу документтер тастыктайт. Алсак согуш жолу деген пунктта Смоленск областына караштуу Смоленск шаарында госпиталга, Калинин областынын Ржев районуна караштуу Ржев шаарындагы 1822 - госпиталында, Латвия ССРинин Даугавпилс деген шаарындагы 3829 эваккуациялык госпиталда, Чехословакиянын аймагында жүргөндө, тагырагы 1945-жылдын 1-январь күнү полктон чыккандыгы тууралуу архивде жазылган. Себеби ошол мезгилдерде жарадар болуп госпиталга жатып калган болот.
Кайрат Искендеров чоң атасы тууралуу айрым маалыматтарды Самандар акесинен уккан жана далилдүү фактыларды Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивинде жазылган маалыматтар боюнча тактаган.