Turmush — 2026-жылдын 27-апрелинде Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде 1-курстун кыздарынын ортосунда «Бали-бали кыздар ай» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Иш-чаранын максаты — студент кыздардын чыгармачылык дараметин ачуу, сахналык маданиятын өнүктүрүү жана өз ара достукту чыңдоо болду.
Сынакка эки команда катышты:
• «Жүрөк үнү» (ПНК-1-25 (9), ПД-1-25 (9), ИЯ-1-25 (9))
• «Датка» (ПНК-2-25 (9), ПД-2-25 (9), ИЯ-2-25 (9))
Сынактын жүрүшүндө жалпы 12 программа аткарылып, катышуучулар ырдоо, бийлөө, көркөм окуу жана сахналык көрүнүштөр аркылуу өз таланттарын көрсөтүштү. Ар бир номер жогорку деңгээлдеги даярдык жана чыгармачылык менен коштолду.
Калыстар тобу катышуучулардын чеберчилигин, сахна маданиятын жана мазмундуулугун эске алуу менен баа берди.
Жыйынтыгында:
- I орун — «Датка» командасы (диплом жана акчалай сыйлык);
- II орун — «Жүрөк үнү» командасы (диплом жана акчалай сыйлык).
Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана активдүү жашоо позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөт.