Turmush — Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Ы. Бектемиров атындагы мектептин окуучусу асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматты Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Акматов тастыктады. Анын айтымында, окуя 23-апрель күнү болгон.
«Окуучу 2010-жылы туулган, учурда 9-класста окуп жаткан. Ал өз үйүндө өмүрүнө кол салып, жипке асылган абалда табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучу айрым адамдарга карыз болуп калган. Ошондой эле ал башка балдардан акча чогултуп жүргөнү аныкталган. Бул жагдайды милиция кызматкерлери жана мугалимдер тактаган. Окуучунун ата-энеси мектепке чакырылган», — деди ал.
- Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматы төмөнкүлөргө токтолду.
2026-жылдын 23-апрель күнү саат 23:25 чамасында Өзгөн РИИБге Куршаб айыл аймагынын М.У. аттуу тургуну үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келген.
Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалган.
Учурда окуяны ар тараптуу териштирүү жана бардык жайгдайларын аныктоо максатында күбөлөр суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.