Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Иш-чара Чернобыль апаатынан курман болгондорго арналган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Асманга карай ок атылып, куран окулду. Иш-чарага Кочкор районунун акиминин орун басары Талгат Исаев, аскер комиссары Урмат Осмоналиев, айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме жетекчилери катышты. Анын жүрүшүндө Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чернобыль апаатынан катышуучусу Өмүрбек Дүйшөмбиев 1986-жылы 26-апрелде Чернобыль атомдук станциясы жарылып, болуп көрбөгөндөй зыян алып келгенин айтты.
«Ошол учурда өлкөнүн туш тарабынан жардамга адамдар барышкан. Кочкор районунан 31 адам — жаш жигиттер барышкан. Азыр алардын көбү көзү өтүп, 8 гана адам калдык. Андан сырткары 3 жесир, 5 майып бала бар. Социалдык жардам катары айына 10 000 сом алабыз. Отун-суу, дары-дармек ушул акчанын ичинде. 2025-жылы пенсиябызды 9300 сомго көтөрүп беришкен. Бирок биз атомдук ууланууга дуушар болгондуктан ден соолук жакшырбайт экен. Балдарыбыз майып болуп төрөлүп жатат. Улам азайып баратабыз. Оорулуу адамды баккан аялдарыбыз да ооруп калышат экен. Биздин сураныч, Чернобыль апаатынын 40 жылдыгына карата пенсиябызга акча кошуп, көтөрүп беришсе. Ансыз деле аз калдык», - деди ал.