Turmush — Бүгүн, 24-апрель күнү Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов журналисттер менен тегерек стол форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага тажрыйбалуу судьялар да катышып, сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, сот тармагындагы жаңылануулар боюнча жооп алышты. Айрыкча, сот өндүрүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, учурда «АИС сот» долбоору ишке ашырылып, сот процесстерин толугу менен видеофиксациялоо жана сактоо мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Бул демилге сот иштеринин ачыктыгын камсыздап, жарандардын ишенимин арттырууга багытталган.
Мындан тышкары, жарандар сот процессине байланыштуу нааразычылыктарын жана сунуштарын атайын QR-код аркылуу калтыра алышат. Кайрылуулар тиешелүү тартипте каралып, зарыл чаралар көрүлөрү айтылды.