Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын четинен бир өркөчтүү төөлөрдүн бүтүндөй үйүрү байкалды.
«Биз 16сын санадык. Жайыл районунда жергиликтүү фермерлер төө багып жатканын укканбыз, бирок мынчалык көп болот деп күткөн эмеспиз. Баары бир өркөчтүү төөлөр, көрүнүшү Арабия жарым аралындагыдай экен», — деп таң калышты тургундар.
«Бул кызыктуу жаныбарлар дромадерлер же араб төөлөрү деп аталат. Алардын бир өркөчү болот. Ал эми эки өркөчтүү төөлөр бактриан деп аталат.
Бүгүнкү күндө дромадерлер жапайы жаратылышта дээрлик кездешпейт. Алардын көбү — колго үйрөтүлгөн жаныбарлар. Негизинен Африка жана Азияда кеңири тараган. Дромадерлер чөл шарттарына мыкты ыңгайлашкан, суусуз жана азыксыз узак убакыт жүрө алышат. Алардын бийиктиги 1,8 метрден 2,3 метрге чейин, денесинин узундугу 2,3 метрден 3,4 метрге чейин жетет.
Бул жаныбарлар жүк ташуу үчүн колдонулат. Ошондой эле алардан даамдуу сүт, жүн жана эт алынат. Бир өркөчтүү төөлөрдү эки өркөчтүү төөлөр менен аргындаштырганда күчтүү гибриддер — нарлар алынат», — деди эколог адис Александр Сосновский.