Turmush — Кызыл-Кыя шаарындагы Төрөбай Кулатов атындагы борбордук стадиондун курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, стадион жалпы 5 миң орунга ылайыкташкан. Жаңы стадиондун жалпы долбоордук баасы 350 млн сом болуп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган.
Курулуш иштеринин аякташы 2027-жылга бүтүрүү пландалган.