Turmush — Кант шаарынын 51 жаштагы тургуну Байызов Кубан Согушбекович былтыркы жылдан бери дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.
«1975-жылы туулган Кубан Байызов 2025-жылдын 6-октябрынан тарта дайынсыз болуп жатат. Буга чейин мындай болгон эмес», - деди алар.