Turmush — Баткен облусунда жогорку чыңалуудагы 20 км аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Энергетика министрлигинин энергетика тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-пландарынын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-2027-күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга каралган капиталдык курулуш иштеринин алкагында жалпы узундугу 20 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Аталган иштердин алкагында:
- 7,33 км болгон 35 кВ «Холмион – Ынтымак» аба чубалгысы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
- калган 7,92 км 35 кВ «Кызыл-Кыя-2 – Үч-Коргон» жана 4,5 км 35 кВ «Баткен – Животноводческая» аба чубалгылары жакынкы айларда этап-этабы менен капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Жыйынтыгында жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдап, калктын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык объекттерди жана ишканаларды сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык 35/110/220 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында жалпы узундугу 1380 км аба чубалгыларында кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер төмөнкү участоктор боюнча аткарылууда:
-
Баткен участогу: жалпы 397,64 км, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 118,85 км аткарылды;
-
Кызыл-Кыя участогу: жалпы 588,11 км, анын ичинен 175,02 км аткарылды;
-
Сүлүктү участогу: жалпы 393,90 км, анын ичинен 108,43 км аткарылды.
Учурда 35 кВ «Холмион – Ынтымак» аба чубалгысынын 7,33 км бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, 35 кВ «Кара-Булак – Тешик» жана 35 кВ «Раззаков – Рават» аба чубалгыларында жалпы 50 км аралыкта пландуу оңдоп-түзөө иштери аткарылууда. Мындан тышкары, аба чубалгыларынын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыркылып, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
Аталган иштер 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жүргүзүлүп, негизги максаты — керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу, техникалык жоготууларды кыскартуу жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалын жакшыртуу болуп саналат.
Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105
0221 33-36-02 — Баткен РЭТ
0772 46-04-01 — Сүлүктү РЭТ
0221 55-54-78 — Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 — Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07 — Кызыл-Кыя РЭТ