Turmush — Жайылдык спортчулар эркин күрөш боюнча мелдеште жолжолуу орундарга ээ болушту, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 18-19-апрель күндөрү Аламүдүн районунун Арашан айылында 2013-2014 жана 2015-2016-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча JUNIOR эл аралык ачык кубогу өттү.
Бул турнирге 500гө жакын жаш балбан катышты. Жайыл районунан 10 спортчу катышып, төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
- 23 кг салмакка чейинки категорияда Мусабаев Ырыскелди 1-орунду ээледи. Ал Жон-Арык айылынан, машыктыруучусу — Каныбек Жанысаков.
- 46 кг салмакка чейинки категорияда Осмоналиев Эрбол 2-орунду ээледи. Ал Алексеевка айылынан, машыктыруучусу — Мурат Курманалиев.
- 55 кг салмакка чейинки категорияда Абдырашитов Алмаз 1-орунду ээледи. Ал Ак-Башат айылынан, машыктыруучусу — Руслан Атакеев.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери эстелик медалдар, дипломдор жана белектер менен сыйланышты. Ар бир салмак категориясынын чемпиондоруна ошондой эле эстелик чемпиондук курлар тапшырылды.