Turmush — Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы коммуналдык кызматтарды жакшыртуу максатында атайын техникаларды сатып алды.
Мэриянын маалыматына караганда, аталган техникалардын жалпы суммасы 40 млн 368 миң 450 сомду түзөт. Анын ичинен 20 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнсө, калган 20 млн 368 миң 450 сом 5 жылдык мөөнөткө лизингге алынган.
Жалпысынан 9 бирдик атайын техника алынды.
Алар:
- 2 даана экскаватор (ковш 2 даана, гидромолоток);
- 1 даана жол жуучу машина (поливомоечная машина);
- 1 даана фронталдык жүктөгүч;
- 1 даана комбинацияланган жол тазалоочу унаа;
- 3 даана «JAC T8» үлгүсүндөгү унаа (пикап);
- 1 даана эвакуатор.
Бул техникалар шаардагы жолдорду оңдоо, тазалоо, сугаруу жана коммуналдык кызматтарды сапаттуу аткарууга көмөк көрсөтөт.