Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын кезектеги каарманы Тогуз-Торо районунан чыккан коомдук ишмер Калдыбай Азаматов тууралуу болмокчу. Тогуз-Торо райондук тарыхый этнографиялык музейдин илимий кызматкери Асель Калматова райондун 90 жылдыгына карата тарых инсандары тууралуу баяндамаларды жасап жатышканын билдирди.
Калдыбай Азаматов 1885-жылы Тогуз-Торо өрөөнүнүн Ийри-Суу кыштагында жарык дүйнөгө келген. Өзү дин мектебинде билим алып, кийин Фрунзе шаарындагы 3 айлык партиялык курсту бүткөн. 1924-1935-жылдары Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, райондук «Кошчу» союзунун төрагасы, Нарын кантонунун Ак-Талаа, Тогуз-Торо өрөөндөрү боюнча инспектору болуп иштеген. 1935-1938-жылдары Тогуз-Торо району Ак-Талаа районунан бөлүнүп, өзүнчө район макамын алган соң Тогуз-Торо райондук райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы акталып чыккан. Бирок баары бир репрессиянын курмандыгына айланып, 1938-жылы өлтүрүлгөн.
Сабатсыздыкты жоюу
- Калдыбай Азаматов Совет бийлигин Тогуз-Торо өрөөнүндө орнотууда жигердүү катышкандардын жана айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучулардын бири. Өзү дин мектебинен арабча окуган. Кийин Ийри-Суу айылына мечит салдырып, жергиликтүү элдин балдарын окутуп, сабатсыздыкты жоюуга көп күч жумшаган. Тогуз-Торо районунун өзүнчө район болушуна жана Казарман айылынын негизделишине көп эмгек жумшаган.
1924–1935-жылдары Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы болуп турганда Ак-Талаа районунан Тогуз-Торо бөлүнүп, өзүнчө район болуп бөлүнүшүнө көп аракет жасаган. 1935-1938-жылдары анын демилгеси менен Тогуз-Торо району жана райондун жаңы борбор Казарман айылы негизделген. Азыркы Казарман айылы мурда Атай кыштагы болчу.
Ак-Көл кени жана Калдыбайдын арыктары
Ошол 1935-1938-жыллары Тогуз-Торо райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп турган жылдары Казарман орто мектеби, райондук оорукана, ошондой эле райондун аймагына Жырма сугат каналы курулган.
Мындан тышкары, ар кай жерде чачыранды болуп жайгашкан жергиликтүү көчмөн элди бириктирип Дөдөмөл, Кош-Булак, Кайыңды, Өрнөк колхоздоруна отурукташтырган. Дөдөмөл, Кош-Булак, Ийри-Суу, Кайыңды жана Беш-Көлдө «Калдыбай арыктары» аталып, ал арыктардын нуктары жана жер айдаган буурсун издери дагы эле бар. Мергенчилик кылып жүрүп, Ак-Көл деген жерден коргошун кенин тапкан. Кийин өкмөттүк уюмдарга билдирип, Ак-Көл кени ачылган.
Калдыбайдын көпүрөсү
1936-жылы Жалал-Абаддан усталарды жана керектүү шаймандарды алдырып келип, жергиликтүү элдин, усталардын жардамы менен Беш-Көл жайлоосуна жол жана ал жайлоого өткөнгө Нарын дарыясына көпүрө салдырган. Ал көпүрө Калдыбайдын көпүрөсү аталып, 1978-1980-жылдарга чейин элге кызмат кылган.
Анын уулу Кедей Калдыбаевдин айтымында Калдыбай Азаматов 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы акталып чыккан. Бирок ошол 1938-жылы Жалал-Абаддан көпүрө үчүн тросс жана шаймандарды алып келүүгө барат. Ал жактан кайрадан Ежов, Троицкий дегендердин желдеттери тарабынан кармалып, камакка алынат. Камактан кийин ур-токмокко алынып, түрмөдөн каза болгондугу айтылат.
Түбөлүк наам
- Калдыбай Азаматовго 1997-жылы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн №4 чечими менен «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылган. 2000-жылы Дөдөмөл айылындагы Фрунзе орто мектебине Азамат уулу Калдыбайдын ысымы берилген жана Казарман айылынын бир көчөсү да Азамат уулу Калдыбай көчөсү деп аталган.
Азаматов Калдыбайлын небере келини, тактап айтканда Кедей Калдыбаевдин кичүү баласынын жубайы Турсун Илиязова 21 жылдан бери Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде эмгектенет. Ал чоң кайнатасынын мектепте музейи бар экендигин, бирок ал кишинин колдонгон буюмдары, кол жазмалары тарап кеткендигин айтуу менен бирге эле, кайнатасы Кедей Калдыбаевдин «Менин атам» деген ырынын кол жазмасын жөнөттү.
Менин атам 16-жылдары,
Бай-манапка малай болуп туруптур.
Эп сүйлөсө энчи бербей,
Акы бербей, чогулушуп уруптур.
Атам-апам жаштайынан,
Соко кармап, эгин айдап,
Баба дыйкан болуптур.
Билимдүүдөн билим алып,
Кат сабатын жоюптур.
Ийри-Сууга мечит салып,
Билим ал деп, бала окутуп,
Бири молдо, бири сопу,
Бир-бирине эриш-арка болуптур.
Менин атам Беш-Көл деген жеринен,
Карагайдын кабелтеңин алдырган.
Колхоз үчүн мыктап, кынап,
Нарын сууга чоң көпүрө салдырган.
Жалал-Абаддан усталарды алдырып,
Казарманга оорукана, орто мектеп салдырган.
Эскиликти жоюу үчүн белсенип,
Эң ириде эл мүдөөсүн кандырган.
Суу чыгарып кайрак жерге,
Капчыгайдан айыл көздөй,
Канал, арык каздырган.
Соко кармап, эгин айдап,
Беш-Көл, Мөңдүк, Марал-Кечүү,
Жайлоолордо кызыл кырман бастырган.
Колхозчулар ысык тамак ичсин деп,
Мергендерге тоодон теке, аркар, кулжа аттырган.
Көпүрөгө тросс үчүн, атчан ашып,
Жалал-Абадга барыптыр.
Кетмен, күрөк, тросс, чапчуур алыптыр.
Ошол кезде эски калдык жоюла элек кези экен,
Тороцкий, Ежовтордун желдеттери жолугуп,
Кармап алып, катуу кыйнап, көр түрмөгө салыптыр.
Ошол бойдон Оштон келбей,
Күлтопосу Ош жеринде калыптыр.
Ошол кезде менин атам,
Катаал мезгил капшабына кабылып,
Кайран атам кабыргага чабылып,
Эл душманы деген жалаа,
Капысынан моюнуна таңылып.
Дагы далай азаматтар,
Кеткен экен агын суудай агылып.